​БШК: 29-декабрга чейин шайлоочулар өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алат

  • 3 года мурун

2020-жылдын 29-декабрына чейин шайлоочулар өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлгөн. Тизме 10-ноябрынан тартып — https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырылган.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык бөлүмү билдирди.

19-ноябрдан тартып шайлоочулардын тизмеси шайлоо участокторунда илинип турат.

2020-жылдын 10-ноябрына карата шайлоочулардын алдын ала тизмеси боюнчаьшайлоочулардын саны 3 544 403 жаран. Алардын ичинен эркектер – 1 693 035, аялдар – 1851 368 же болбосо 47,77 % жана 52,23%.

2020-жылдын октябрында болгон шайлоого салыштырганда, шайлоочулардын саны 20 849 адамга, 2017-жылы Президенттик шайлоого караганда 264 473 шайлоочуга, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого салыштырмалуу 762 257 шайлоочуга көбөйгөн.

19-ноябрдан 29-декабрда кечке чейин жарандар өздөрүн алдын ала тизмелерден текшере алышат.

Тизмеден өзүңөздү кантип текшересиз?

Текшерүү үчүн:

  • шайлоо участогуна келүү;
  • «Тизме» — https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын порталынан;
  • 119 номерине чалуу менен (телефон чалуу акысыз);
  • 119 номерине жеке ПИН номериңизди СМС аркылуу жиберип, шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин биле аласыз.

Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, жарандар29-декабрда чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өзгөртүү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине киргизүү (мурдагы № 1 формасы), паспорттун (ID – картты) көчүрмөсүн көрсөтүү менен, кабыл алынган үлгүдөгү арызды жазып кайрыла алышат.

Ал эми добуш берүү күнүндө Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргөн жарандар 29-декабрдын кечине чейин чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге арыз жазып ага паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен, чет өлкөдөгү шайлоо участогунда добуш берүү каалоосун билдирип кайрыла алышат.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде консулдук каттоодо турган, биометрикалык маалыматын берген жарандар чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Жогорудагы арыздарды берүү менен шайлоочулар биометрикалык идентификациялоодон өтүшөт. Ошондой эле “Тизме” порталындагы шайлоочунун кабинети аркылуу авторизациялоодон өтүү менен, арызды электрондук форматта берүүгө да болот.

Биометрикалык каттоо жок болгон учурда Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелеринен, калкты тейлөө борборлору (ЦОН) аркылуу, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана консулдуктарытаркылуу андан өтүүгө болот.

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң башталган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты