​Төрөхан Жунусбеков MegaComдун башкы директорунун кеңешчиси болгонун билбейт. Фактчекинг

8-декабрь күнү Төрөхан Жунусбекоа MegaCom компаниясынын башдиректорунун кеңешчиси болгондугу тууралуу маалымат тараган. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

24.KG маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча активист Төрөхан Жунусбеков MegaCom компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Агенттик бул маалыматты жеке булактардан алганын кабарлаган.

Ал эми КоомPress сайты жарыялаган маалымат боюнча, Төрөхан Жунусбеков бул кызматка дайындалбаганын билдирген. Жунусбеков: “Бул туура эмес, мени эч жакка дайындашкан жок. Учурда Садыр Жапаровдун Талас облусундагы штабында иштейм”, — деп айткан.

Бизге MegaCom компаниясынын маалымат катчысы Төрөхан Жунусбековдун башкы директор Акылбек Жамангуловдун кеңешчиси болуп дайындалганы чын экенин, жарлыкка кол коюлганын тастыктады.

Ал эми Төрөхан Жунусбековдун өзү менен байланышканыбызда, бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты. Жунусбеков: “Мен ал жөнүндө билбейм, кабарым жок”, — деп билдирди.

Эске сала кетсек, Төрөхан Жунусбеков митингдердин активдүү катышуучусу. Шайлоодон кийинки башаламандык учурунда Бишкек шаардык мэриясын басып алып, шаардын мэри болууга аракет кылган.

Жыйынтык: MegaCom компаниясы Төрөхан Жунусбековду башдиректордун кеңешчиси кызматына дайындаган. Бирок, Жунусбековдун өзүнүн кабары жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты