​Садыр Жапаров: Парламенттик башкаруу системасы бизнеске айланып кетти

  • 3 года мурун

Премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 7-декабрда Фейсбуктагы жеке баракчасына 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны «Өмүрбек Текебаевдин Баш мыйзамы» деп атап, Кыргызстан ал Конституция менен 10 жылда 30 жылга артка кеткенин жазды.

Ошондой эле «бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебей турганы тастыкталганын», партиялык шайлоо системасы «кызылдай бизнеске айланып кеткенин» белгилеп:

«Жогорку Кеңешке ар бир орун 200 миң доллардан баштап, 1 млн. долларга чейин сатылып калган. Эл да добуштарын сата баштады. Себеби Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз. Мындан ары добуш сатып алуу түп-тамыры менен жок болот», деп жазды.

Жапаров Фейсбуктагы жеке баракчасына мындай пикирин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Азаттыктагы» маегине жооп катары жазган. Текебаев «Азаттыктагы» соңку интервьюсунда Конституциянын талкууланып жаткан жаңы долбоорун сынга алып, ал Кыргызстанда өзүм билемдик режимди орноторун айткан.

«Мен Садыр Жапаровго жана анын жанындагыларга «силер эбегейсиз бийликти эптей албайсыңар. Силер эмес силерден мурункулар да эптей алган эмес. Силерден кийинкилер да эптей албайт. Бул жол бизди 30 жыл артка алып кетет» деп айткам. Менин бул оюм анык жана бекем. Мен андан эч убакта кайтпайм», — деп билдирген Текебаев.

Кыргызстанда 2010-жылы апрель окуяларынан кийин парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган.

Быйыл 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ишин баштаган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты