Бишкекте жарандар кайрадан «Мыйзамдуулук үчүн» жүрүшүнө чыгышты (видео)​

  • 3 года мурун

Бишкекте 6-декабрда «Мыйзамдуулук үчүндеп аталган кезектеги тынчтык жүрүшкө чыккан активисттер АлаТоо аянтында талаптарын айткандан соң тарап кетишти.

«Баштан башта» кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө, өлкөдө авторитаризмди орнотууга каршы экендиктерин, мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып, ушул өңүттө кыргыз жана орус тилдеринде чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышты. Бул ирет адам укуктарын сактоо жаатындагы чакырыктар көбүрөөк айтылды.

Ондогон активисттердин арасында саясатчылардан Бектур Асанов, Клара Сооронкулова да болду. Саат 12:30да башталган акция 40 мүнөттөй убакытка созулду.

Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка жөө жүрүш менен барып, андан ары тарап кетишти.

Катышуучулар «Биз бийликти узурпациялоого жана мыйзамсыздыкка каршыбыз!» деген ураандын астында биригишкен. Алар ушул максатта бир нече жумадан бери ар жекшемби күндөрү тынчтык жүрүшүнө чыгышууда.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

Мурдагы бийликтин тушунда камакка алынган Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан чыгарып алып, өкмөт башчылыкты аркалай баштаган. Кийинчерээк президенттин милдетин аткаруучу болуп да иштеди. Учурда 10-январдагы президенттик шайлоого ат салышуу максатында кызматын тапшырган.

Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик Конституцияны өзгөртүп, президенттик башкарууну чыңдаган долбоорду сунуш кылган. Бул жагдай коомчулукта эки ача пикир жаратып, талкуулар уланууда.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты