​»Мекеним Кыргызстан” фракциясынан Данияр Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды

  • 3 года мурун

«Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Данияр Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Балта шаарынын мэрлик кызматына 3 талапкер — «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан» Бакыт Раманкулов, «ЭлАман» фракциясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана «Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Данияр Шакирбаев көрсөтүлгөн.

Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Таалайбек Суюмбаев 13 добуш, ал эми Данияр Шакирбаев 18 добушка ээ болгон. Бакыт Раманкулов добуш алган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты