Айылда туулуп-өскөн жаштардын ийгилик сыры 

Айылда туулуп-өскөн жаштардын ийгилик сыры Татыктуу жашоо үчүн сөзсүз түрдө айылдан шаарга кетүү зарылбы? Дегеле туулуп-өскөн айылыңда ийгиликке жетүүгө мүмкүнбү? Мына ушул суроолорго “Айылдык сүйлөйт” долбоору жооп берет. Борбор Азиядагы Америка университетинде 600дөн ашуун адамдын башын чогулткан бул иш-чаранын алкагында айыл жеринде ийгиликке жеткендер жаштар менен жолугушту.  

Анда элет жеринде чоңоюп, ийгилик жараткан жаштардын ийгилик сырларын  чогуу угалы. 

“Айылдык сүйлөйт” долбоору айылда деле жакшы жашаса болот, заманбап шарттарды түзүшүбүз керек деген максатта уюштурулган. Идеянын автору «Көчмөн» коомдук фондунун жетекчиси 23 жаштагы Улан Үсөйүн. Долбоордун алкагында Кыргызстандын жети дубанын кыдырып келген: 

Улан Үсөйүн, “Айылдык сүйлөйт” долбоорунун автору:  

“Аруу тилегибизге жетебиз” 

 Мен айылда туулуп-өскөм. Мурда айылдардагы тренинг-семинарларды айылдын жашоосун толук кандууАйылда туулуп-өскөн жаштардын ийгилик сыры  билбеген шаардыктар өтчү. Аларды айылдыктар анча кабыл алышчу эмес. Демек, айылдыктарга айылдын турмушун баштан кечиргендер гана багыт бере алат турбайбы деген ой пайда болгон. “Кайда барсаң, Мамайдын көрү” дегендей,  кыйынчылык бардык жерде эле бар эмеспи. Адам жеңил нерсени көздөй качып шаарга, Москвага кетет экен. Бирок шаарга агылбастан, туулуп-өскөн айылдарда жигердүү эмгектенип, ийгиликке жетсе  болот. Ошондой эле, айыл жергесинде мыйзам иштебегендиги байкалат. Долбоордун спикерлери аркылуу кыштактан да бакытка, ийгиликке жетип, мыйзамдуулукту орнотсо болорун калайык-калкка, өзгөчө жаштарга, түшүндүрүп келе жатабыз. Европа айылдарын шаар тибине өткөрүп салган. Биз дагы ошондой аруу тилекке жетели деп иш кылып жүрөбүз. 

Бахрам Рахманкулов,  

Баткен облусунун Андарак айылынын тургуну:  

“Улуту, дини, жынысы, аймагы жагынан бөлүнбөйлү” 

Айылда туулуп-өскөн жаштардын ийгилик сыры “Айылдык сүйлөйт” долбоорунун спикерлеринин бири жаш активист Бахрам Рахманкулов Баткен облусунда жайгашкан, кыргыз, тажик жана өзбек улуттуу эли бар Андарак айылынын тургуну. Ал жаштайынан бери чек ара кыйынчылыктары, этностук кагылышууларга күбө болуп келген. Учурда Бахрам жаштарды толеранттуулукка, ынтымакка чакырган эл аралык уюмда эмгектенет. Андан дагы, жаш активист кыргызчаны эне тили — тажик тилиндей мыкты сүйлөйт. 

—Мен көп улуттуу аймакта жашайм. Биздин облус Тажикстан, Өзбекстан менен чектешип, эки анклав жайгашкан. Мындан улам ар кандай окуялар болуп турат. Улутуна, жынысына, динине, тилине карата бөлүнүп, түндүк-түштүк, айылдык, шаардык, кыргыз же орус деп бөлүнбөйлү. Бирөө менен таанышканыбызда, жерин сурап, мында да бөлүнөбүз. Минтип отурсак бекем, күчтүү, мыйзам иштеген мамлекет кура албайбыз. Менин айылымда кээ бири тажик жараны, башкалары кыргыз жараны. Алар бири-биринин тилин түшүнүшпөйт. Бир жолу биздин уюмга компьютердик курс уюштуруп берүү өтүнүчү келип түштү. Эки элдин ортосунда котормочу болуп, ынтымакка чакырган ой-пикирлер менен бөлүшүп, көптөгөн иш-чараларды алып бардык. Бир канча ай өтпөй эки улут ортосунда чоң кагылышуу болду. Ошондо биздин сабактан өткөн жаштардын айрымдары тажик досторун коргоп, элди туура мамиле кылууга чакыра алган. Аны угуп мен өтө сүйүндүм. Эгер бир эле кишинин оюн жакшы жакка өзгөртө алсак, ошол биз үчүн жеңиш. 

Айзирек Жаныбек кызы:  

“Кээ бирөөлөр айылдыктарды “колхозчулар” деп мазакташат» 

Шаардагы жогорку окуу жайларынын биринде окуган Айзирек Жаныбек кызы иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүншыктанып калганын айтты: 

—Көптөрү «Айылдыктар колхозчулар, эч нерсени билишпейт» деп ойлошот. Алардын ою туура эместигин Айылда туулуп-өскөн жаштардын ийгилик сыры долбоордун спикерлери бүгүн далилдеп беришти. Чындыгында, кыйын спикерлер келишиптир, кээ бирлери таң калтырса, кээ бирлери күлдүрүп жатышты. Ачылышын Манас айтуу, комуз чертүү менен баштаганы өзгөчө жакты. Адамдын сезимин козгоп, кыргыз экенибизди эсибизге салып коюшту. Бул жолугушуудан кийин айылда деле ийгиликке жетсе болот экен деп ойлоп калдым, -деди Айзирек Жаныбек кызы.   

Долбоор иштей баштагандан бери республиканын ондогон айылдарында жүздөгөн  жолугуушулар уюштурулган. Алардын арасында айылдан чыккан мыкты эл өкүлдөрү, айылды гүлдөткөн ишкерлер, Европада окуп келип айылга эле ишкана кургандар, айылда келин болуп келген ийгиликтүү ишкер айымдар кездешет.  Уюштуруучулардын айтымында, мындай чогулуштардын жыйынтыгында жаштардын алды кичи мекендеринде ишкерчиликти баштаган. 

Мээрим Самиева  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты