​Кыргызстанда угуусу начар адамдар кыргыз ырларынын текстин жаңсап түшүндүрүү аркылуу уга алышат (Видео)

Бүгүн, 3-декабрда, майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүндө Акыл Осмоновдун “Бешбармак” долбоорунңн жыйынтыктары менен бөлүшөбүз. “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен уюштурулган бул долбоордо кыргыз аткаруучуларынын 15 ыры жаңсап түшүндүрүү тилине оодарылган.

Ал ырларды бул жактан уксаңыз болот.

«Бешбармак» бул YouTube каналындагы жана Instagram,баракчасындагы кесипкөй сурдокотормочулар угуусу начар адамдарга жаңсоо аркылуу түшүндүрүп берген видеолордун сериясы.

Угуусу начар адамдар ырлардын тексттин окуп тааныша алышат, бирок текст дайым эле композициянын интонациясы менен маанайын бере албайт. Көптөгөн өлкөлөрдө мындай долбоорлор бар, бирок кыргызстандык угуучуларда жок болчу.

Жаңсоо тилине которулган биринчи клип чыккандан кийин начар уккан жана угуу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын өтүнүчү менен репертуарды бир аз алмаштырдык” деди Акыл Осмонов.

Кыргызстандагы максаттуу аудитория бул клипке биринчилерден жазылды, биринчи 10 күнү Инстаграммда 3000 жазылуучу болду, алардын көпчүлүгү угуу жагынан майыптыгы бар адамдару.

“Биз ал коомчулуктан эки талапкерди таптык, алар менен контент чыгаруу жана жеке блокту өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз” деп ойлорун бөлүштү Акыл Осмонов келечектеги долбоор тууралуу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты