​Равшан Жээнбеков БШКга шайлоочулардын кол коюу баракчасын өткөрдү

  • 3 года мурун

Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комссиясына талапкер катары катталуу үчүн шайлоочулардын кол койгон баракчасын өткөрдү.

Бул тууралуу анын тарапташтары кабарлады.

Өлкөнүн ар кыл аймагынан бардыгы болуп 45 миң кишинин колу топтолгон, алардын ичинен 40 миңи кабыл алынды.

Ошондой эле Арстанбек Абдылдаев, Аймен Касенов, Садыр Жапаров, Бабыржан Толбаевдин шайлоочуларынын кол коюу баракчалары БШКга өткөрүлдү.

Президенттикке талапкерлердин күрөө акчасын бардыгы 14ү төктү.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты