​Конституциялык палата Жогорку Кеңештин шайлоо тууралуу мыйзамды кабыл алышын мыйзамдуу деп тапты

  • 3 года мурун

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы бүгүн, 2-декабрда, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү конституциялык мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү боюнча “Реформа” саясий партиясынын өтүнүчүн карады. Конституциялык палата Жогорку Кеңеш кабыл алган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамды кабыл алуусун мыйзамдуу деп тапты.

Конституциялык палатага Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү конституциялык мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү боюнча “Реформа” саясий партиясынын өтүнүчүн арыз менен «Реформа» саясий партиясы жана активисттер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылышкан.

22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда кабыл алынды. Добуш берүүнүн негизинде мыйзам долбооруна 83 депутат макулдугун берген.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков жана Өмүрбек Бакиров тарабынан демилгеленген.

БШК Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты