​Башкы прокуратура «Ынтымак» сейил багынын курулушунда мамлекетке ири зыян келтирилген

  • 3 года мурун

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан «Ынтымак» сейил багынын курулушуна сарпталган 90 млн. сомдон ашык бюджеттик акча каражатын текшерип, төмөндөгү мыйзам бузууларды аныктады.

Сейил бактын курулуш иштери Бишкек шаардык мэриясы тарабынан тийиштүү долбоордук-сметалык иш-кагаздары жок жүргүзүлгөн, ошондой эле курулуш материалдарынын, айрым аткарылган иштерининкөлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылган.

Коомдук объектилердин курулуш иштери, мамлекеттик сатып алуу процедураларын жүргүзбөстөн жана тиешелүү лицензиясы жок жаран менен мыйзамсыз келишим түзүү аркылуу жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген конкурстун катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш

иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишимдер түзүлүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча топтолгон материал 2020-жылдын 24-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын

Жазык кодексинин 234-бер. (Ачык тооруктарды өткөрүүнүн тартибин бузуу)жана 320-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш-жаза бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты