​БУУӨП Конституциялык кеңешмеге ноутбук сатып берген эмес (Фактчекинг)

Фактчекинг

20-ноябрь күнү, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны болуп өткөн. 80ден ашык киши катышкан бул жыйында көпчүлүктүн көңүлү кеңешменин мүчөлөрү колдонгон ноутбуктарга бурулуп, ал социалдык тармактарда талкуу жаратты.

Сүрөттө, ноутбуктун үстүндө БУУнун (ПРООН) өнүктүрүү программасынын жана Япониянын желегин көрүүгө болот.





































Бул тууралуу Фейсбукта Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Гульнара Джурабаева:“Катышуучулар окшош ноутбуктарды кайдан алышты? же БУУӨПтөн алыштыбы?”,- деп жазган. Ага “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова: “БУУ жардам берип жатат окшойт”,- деп билдирүү калтырган.

Көп өтпөй, Akmaral Sabatar аттуу фейсбук колдонуучусу Кониституциялык кеңешменин катышуучуларынын ноутбуктагы эмблемаларды жаап койгонун жазып чыккан.



















ПолитКлиника медиасы Конституциялык кеңешменин катышуучуларынын ноутбуктарды кайдан алганын жана ага БУУӨПтүн тиешеси бар же жок экенин текшерип көрдү.

Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы: “Ноутбуктар бизге тиешелүү эмес”

2020-жылдын 11-ноябрында Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө арналган жыйын болуп өткөн. Жыйынга ошол учурдагы Премьер-министр жана Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да катышкан.















Сүрөттө көрүнүп тургандай, Конституциялык кеңешме өткөрүлгөнгө чейин аталган залда ноутбуктар болгон эмес. Бул маалыматты, Улуттук Илимдер Академиясынын пресс-кызматынын башчысы Чолпон Койчуманова тастыктады. Ал өз сөзүндө: “Бул ноутбуктар Улуттук Илимдер Академиясына тиешелүү эмес, аны Конституциялык кеңешме өткөрүп жаткан уюштуруучулар алып келишти”,- деп билдирди.

Ноутбуктардын кайдан келгени эч кимди кызыктырган эмес

“Конституциялык кеңешмеге ноутбуктарды ким берди?”,- деген суроого жооп издеп Улуттук Илимдер Академиясындагы кеңешменин уюштуруучуларынан сураганыбызда,“эч кандай маалыматыбыз жок”,- деп билдиришти. Мындан сырткары, Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жана төраганын орун басары Осмон Тогусаков да бул маселе менен алектенбей тургандарын жана колдонуп жаткан ноутбуктарынын кайдан келгенин билбегенин айтышты.



БУУӨП: “Ноутбуктар 4-октябрдагы шайлоого берилген”


















БУУӨПтүн расмий билдирүүсүндө, Конституциялык кеңешмеде колдонулуп жаткан ноутбуктар, 2020-жылдын 4-октябрь күнү болуп өткөн парламенттик шайлоого карата, Борбордук Шайлоо Комиссиясына берилген. Япония элчилигинин каржылоосу менен ишке ашкан бул жардам, жалпысынан 4 миллион долларды түзгөн. Бул каражатка, 1963 ноутбук жана башка биометрикалык анализдөөчү каражаттар сатылып алынган.
















Ошондой эле билдирүүдө, БУУӨП тарабынан берилген ноутбуктар Мамлекеттик каттоо кызматында сакталаары белгиленген.

Маалымат берүүдөн качкан Мамлекеттик каттоо кызматы

Мамлекеттик каттоо кызматы, Конституциялык кеңешмеге берилген ноутбуктар жана эмблемалардын эмне себептен жашырылганы тууралуу суроолорубузга жооп беришкен жок.

Белгилүү болгондой, Мамкаттоо кызматы, БУУӨП жана Япониянын элчилиги менен көп убакыттан бери кызматташып келет. Аталган кызматтын официалдуу сайтынын “Өнөктөштөр” аттуу бөлүмүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун логосун көрүүгө болот.

















Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, Япониянын элчилиги менен биргеликте Кыргызстанга ар тараптуу жардам көрсөтүп келет.
















Мисалы, 2018-жылы алыскы аймактардагы мамлекеттик кызматкерлердин ишин жеңилдетүү үчүн, Кыргызстанга 16 кичи автобус берилген. Бул автобустардын сыртында да Япониянын желегин жана БУУӨПтүн эмблемасын көрүүгө болот.

Жыйынтык, Бирикен Улуттар Уюму Конституциялык Кеңешмени колдоп жатат деген сөз чындыкка дал келбейт.