​Чыңгыз Айдарбеков Президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

  • 3 года мурун

Чыңгыз Айдарбеков берген арызынын негизинде Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси кызмат ордунан бошотулду

Бул тууралуу жарлыка Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.

Чыңгыз Айдарбеков 22-октябрда Президенттин кеңешчиси болуп дайындалган. Жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Чыңгыз Айдарбеков буг чейин тышкы иштер министри болуп иштеп келген жана октябрь окуяларынан кийин кызматтан алынган.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты