МАМЛЕКЕТ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМДЫН САПАТЫН ТАЛАП КЫЛУУГА МИЛДЕТТҮҮ

Маек

Кыргызстанда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасынын түзүлүшү, сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүү зарылдыгы жана ошондой эле адвокаттык кесиптин өз алдынчалыгы тууралуу бизге МКЮЖ координация борборунун директору Акжол Калбеков айтып берди.

-Учурда МКЮЖ системасы тынымсыз өркүндөп, ушул багытта иштеп жаткан ар кыл топтор, координациялык кеңештер түзүлүп жаткандыгы байкалат. Бул системанын түзүлүшу тууралуу кыскача айтып берсеңиз.

-Мамлекет элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө, элдин жакшы турмушта жашоосуна зарыл болгон шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү. Жарандык коомго кайдыгер мамиле, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын бузуу сыяктуу көрүнүштөр орун алып жаткан учурда калктын мамлекеттик институттарга болгон ишеними эч качан артылбайт.

Кыргызстан демократиялык өзгөрүү жолуна түшкөндөн тартып жарандардын укуктарын коргоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын цивилизациялуу жолдор менен бекемдөө мүмкүнчүлүгү КР Конституциясынын 40 беренесинде тастыкталган.

Ошондой болсо да булар белгилүү бир даражада декларациялык мүнөздө болуп, иш жүзүндө мамлекет эсебинен көрсөтүлчү юридикалык жардам системасы калктын жарды катмарынын муктаждыктарына такай жетчү эмес. Мунун себеби бул тармактагы институциялык механизмдер менен бирдиктүү саясаттын жоктугу болгон.

Ушул маселени чечүү жана өз мойнуна алган эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн калктын жарды катмарына юридикалык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик саясат жүргузүү зарылдыгы келип чыккан.

Натыйжада Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү” КР Мыйзамы кабыл алынган. Мыйзам юридикалык жардамды эки түргө бөлгөн: консультациялык-укуктук жардам жана квалификациялуу юридикалык жардам (мамлекет эсебинен сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарындагы адвокаттын өкүлдүгү).

Социалдык аялуу катмардын кеңири чөйрөсү, анын катарында чет элдик жарандар, жарандыгы жок жана качкын адамдар дагы акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн алгандыгын, ошондой эле бул мыйзам максималдуу мүнөздө социалдык багыттагы мыйзам болгондугун баса белгилей кетүү маанилүү.

-Окурмандарга айтып берсеңиз, мыйзамды жүзөгө ашырууда кимдер иштеп жатат?

-Юридикалык жардам көрсөтүү процессин мамлекет тарабынан натыйжалуу башкаруу менен көзөмөл жүргузүүнү, координациялоо менен мониторинг жасоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле системанын бардык субъектилери арасында өз ара мыкты карым-катышын орнотуу максатында Мыйзам тарабынан координациялык орган уюштуруу каралган.

2017-жылы ушундай орган – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору (МКЮЖ КБ) ачылган.

Баштапкы жардам көрсөтүү үчүн аймактык юстициялык башкармалыктарда 28 акысыз юридикалык жардам борборлору ( АЮЖБ) ачылган. Бул борборлор экинчи баскычтагы юридикалык жардам деп аталган квалификациялуу жардам көрсөтүүгө дагы салым кошот.

-Баштапкы жана экинчи баскычтагы жардамдын кандай айырмачылыктары бар?

-Баштапкы юридикалык жардам деген укуктук консультация берүүчү жардам. Мыйзамга ылайык бул жардамды юристтер, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, бейөкмөт уюмдар, юридикалык клиникалар жана башка МКЮЖ субъектилери көрсөтө алат.

Экинчи баскычтагы юридикалык жардам деген квалификациялуу юридикалык жардам, муну мамлекет келишимдин негизинде жалдаган адвокаттар, башкача айтканда лицензиялуу юристтер көрсөтөт. Бул абдан олуттуу иш. Өзүңуздөргө маалым, Адвокатура дисциплиналык мүнөздөгү бардык маселелер боюнча өз алдынча болгондуктан, этикалык стандарттарды орнотуу Адвокатуранын өзүнө гана тиешелүү.

Ошону менен коргоочунун жана соттогу өкүлдүн көз каранды эместигине кепилдик берилет, ал эми адвокаттын укуктук позициясына киришүүгө же ар кандай жолдор менен ага таасир этүүгө мамлекеттин укугу жок. Бүгүнкү күндө МКЮЖ системасында 370тен ашык адвокат эмгектенет.

-Адвокаттардын ишинин сапаты кандай жолдор менен көзөмөлгө алынат?

- Адвокаттардын иши үчүн мамлекет акы төлөп жаткан соң ар бир конкреттүү иш боюнча мыкты юридикалык жардам берилишин мамлекет талап кылууга милдеттүү.

Адвокаттын иш сапатынын кепилдиги болуп, адвокаттын иш стандартын так аткаруусу саналат. Бул адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү ишмердигиндеги минималдуу талаптар, ушул талаптарды аткаргандыгы үчүн мамлекет тиешелүү гонорарын төлөп берет.

Эң маанилүүсү адвокаттык адистиктин көз каранды эместик принцибин бузбоо. Биз Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Кеңеши менен биргелешип бул принципти бузган жокпуз деп ойлойм.

Белгилей кетүүчү жагдай –адвокаттардын ишинин сапаттык стандарттарын иштеп чыгууда бизге донорлор ‑ БУУӨП жана “Сорос Кыргызстан” фонду эксперттик колдоо жасашты. Учурдан пайдаланып аларга ыраазычылыгымды билдире кетейин.

Бүгүнкү күндө бизде кылмыш, жарандык жана администрациялык иштер боюнча стандарттар иштелип чыккан. Бул стандарттардын баалуулугу ‑ биринчи кезекте юридикалык жардам алгандарга жакшы, анткени алар адвокаттардын кайдыгер, жөн салды тейлөөсүнөн корголот.

Экинчиден, стандарттар адвокат үчүн дагы өзүнчө бир эскертме, ал жарандардын укугун коргоп жатканда өз аракеттерин МКЮЖнын алкагында тартиптештирүүгө, өздүк тартипти калыптоого багыттайт жана анын ишинин сапатына негизсиз даттануудан коргойт.

Үчүнчүдөн, мамлекет үчүн дагы жакшы, анткени мамлекет эсебинен көрсөтүлгөн юридикалык жардам талаптагыдай болот, ошондой эле жарандардын акыйкат сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгү баарына тегиз болушун камсыз кылат.

-Стандарттарды кабыл алган соң өзгөрүүлөр байкалдыбы?

- Стандарттарды киргизүү менен квалификациялуу юридикалык жардамдын сапаты жогорулаганын белгилеп кетүү зарыл. Мисалы 2019-жылы МКЮЖнын адвокаттары көрсөткөн мыкты юридикалык жардам шарапаты менен соттор 8 актоо өкүмүн чыгарышкан.

2019-жылдагы иштерди талдап көргөндө иштердин 65% дан ашыгы иштин оң жагына чечилген. 2020-жылдын биринчи жарым жылдык жыйынтыгын карасак, пандемияга карабай соттор тарабынан 4 актоо өкүмү чыгарылган.

Тейлөө тарифинин кымбатташы да МКЮЖ системасындагы адвокаттарынын иш сапаты жогорулашына чоң таасир этти, анткени тейлөө акысы 1,5 эсе кымбаттаган. Андан тышкары МКЮЖ системасындагы адвокаттардын адистик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган координация борборунун иш-чаралары дагы буга өбөлгө болду.

-МКЮЖ системасындагы мындай ийгиликтүү иштер башка структураларга да жакшы таасир этет да, анткени бардыгы тыгыз карым-катышта иштейт эмеспи?

-Албетте, МКЮЖ системасын, атап айтканда, адвокаттын иш сапатын жакшыртуу менен сот процессине катышуучулардын бардыгынын жоопкерчилигин жогорулатуу эсебинен ар тараптуу жыйынтык келип чыгат.

Бул баарыдан мурда “дүжүр адвокат” деп аталган тажрыйбаны жокко чыгарат, кылмыш иштерин объективдүү, ыкчам тергөөдө тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтөт жана кылмыш иштерин сапаттуу даярдоого түрткү болот.

Өз кезегинде сот дагы кылмыш иштерин кароодо, акыйкат сотту жүзөгө ашырууда өз милдеттерин так аткарууга көмөк болот. Сот бардык талаш-тартыш маселелерди так жана аягына жеткире чече турган бирден бир орган болушу зарыл, бул соттун кадыр-баркын көтөрөт жана коомдун сотко ишеничи артылат.

Ушул айткандардын аркасында мамлекеттин стабилдүүлүгү бекемдейт, социалдык талаш-тартыштар азаят деген маселелер жатат. Ошол эле учурда элдин аялуу катмарына ар кимибиз өз алдыбызча, бет-бетибизден жардам берүү абдан татаал жана кыйын иш экендигин белгилеп койгум келет.

Андыктан бардык күчтөрдү бириктирип, шайкеш жана жемиштүү карым-катыш түзүүнүн алкагында калкка зарыл болгон жардамды биргелешип көрсөтүү зарыл.

- Маанилүү маегиңиз үчүн сизге рахмат айтамын. МКЮЖ системасын дагы кеңейтип, калкка терең жайылтуу багытындагы максаттарыңарды жүзөгө ашырууда сизге жана сиздин командаңызга күч-кубат каалайбыз.