​“Комитет-93” саясий кыймылы 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайтууну сунуштады

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн «Комитет 93» саясий кыймылы 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайтууну сунуштады. Кыймылдын мүчөлөрү муну Баш мыйзамга байланыштуу коомчулукта мунаса табууга болот деп негиздешти. Юристтерден, саясатчылардан түзүлгөн топ 30-ноябрда Бишкекте жыйын өткөрүштү.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов ЖМКга мындай деди:

— Биз 30 жылдын ичинде тогуз жолу алмаштырыптырбыз. Алмаштыруунун баарында тең ыйгарым укукту талашмай. Бир гана бир экономикалык проблема, элдин көйгөйүн чечүүчү маселелер алмашкан жок. Ар бир келген Президент өзүнүн укугун көбөйтүү боюнча болуп жатат. Ошондуктан биз, биринчиден анализдеп көрдүк. Ар бир өзгөрүүнүн легитимдүүлүгүндө кандайдыр бир чоң суроолор бар экен. Анан эң таза жазылган, талкууга коюлган, юридикалык жагынан туура коюлган 93-жылдагы Конституция экен. Андан кийинки алмашуулардын баары мыйзамду эмес жолдор менен кеткен экен. Ошондуктан би зсунуштаганбыз-93-жылдагы Конституцияны кайра калыбына келтирсек, заманбап өзгөрүүлөргө жараша майда-чүйдө нерселерди алмаштырсак туура болот, -деди Кунакунов.

Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкканы 17-ноябрда белгилүү болгон. Аны референдумга чыгарыш үчүн коомдук талкууга коюу тууралуу мыйзам долбооруна 80 депутат демилгечи экени расмий жарыяланды. Кийин ал депутаттардын айрымдары демилгечи болуудан баш тартканын билдиришти жана Баш мыйзамдын долбоорун жазбаганын, аны көрбөгөнүн, ага автор эмес экенин айтып чыгышты.

20-ноябрда Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү жарлыгын чыгарган.

Конституциялык кеңешменин курамы бул шилтемеде. Курамга толуктоолор киргизилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты