Жогорку сот Батукаев боюнча ишти райондук сотко кайтарды

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайтарды.

Бул тууралуу 30-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Фейсбук баракчасында билдирди.

“”Жогорку соттун соттук коллегиясы Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча ишти карады. Соттук отурумдун жүрүшүндө биз, Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары, төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмүн жокко чыгарууну жана ишти жаңыдан кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жиберүүнү суранганбыз. Биздин өтүнүчүбүз канаттандырылды. Эми иш башка, жаңы курамда Биринчи май райондук сотунда каралат” деп билдирди.

Ушул жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга эркинен ажыраткан. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталууда. Мында бир офицер каза болуп, ондогон киши жаракат алган. Атамбаев өзү да ушул окуядан кийин кармалган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

10-октябрда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Атамбаевди кармаган. Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаевди жана анын жансакчылары Канат Сагынбаевди, Дамира Мусакевдикармаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты