​Садык Шер Нияз Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин Президентикке талапкерликтен баш тартты (ВИДЕО)

Садык Шер Нияз Садыр Жапаров менен сүйлөшүп чыккандан кийин Президентикке талапкерликтен баш тартты.

Бул тууралуу Садык Шер Нияз Фейсбук социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Жолугушуу Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен болгонун айтты.

Садык Щер Нияз Садыр Жапаров менен жолугушуу резиденцияда өткөнүн, позицияларды такташканын, илим жана маданиятттын, сот реформасынын бардык сунуштарын ал кабыл алганын айтканын билдирди. Садыр Жапаров президенттик башкарууну, бир мандаттуу парламентти жактаарын, бирок маселе чечүүнү элге саларын айтканы маалымдалды.

Ал эми Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса, Садык Шер-Нияз козгогон сот реформасын колго алып, маданият жана билим берүү тармагына жетиштүү деңгээлде көңүл бурмакчы болду.

Садык Шер Нияз парламентаризмди колдогон боюнча каларын да тастыктады.

-Мен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү деген чечимге келдим. Маданият боюнча 100 пайыз дал келдик. Сүйлөшүүлөрдөн кийин талапкерлигимди алып салууну чечтим. Парламентаризм боюнча өз оюмда калам. Саясаттагы сапарым аяктады -деди Садык Шер Нияз.

Садык Шер Нияз кээ бир учурларда артка чегинүү болот экен, -деди.

Ал эми буга чейин Садык Шер Нияз Президенттике талапкерлигинен кайтпай турганын билдирип келген.

Ал иниси Баткен Шерниязовго 9-ноябрда мындай деген экен:

-Бүгүн агам Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого аттана турганын айтты. Мен агама жолугуп Саке аягына чейин барасызбы деп үч жолу суроо узаттым. Жообу: Баткен эгер аягына чейин барбай турган болсом, өмүр бою мени менен учурашпай өт — деген Садык Шер Нияз.

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң башталган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2010-жылдын 10-январына белгиленген.

Буга чейин Президентикке 47 талапкер аттанган. Эми 46 талапкер калды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Бүгүн агам Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого аттана турганын айтты. Мен агама жолугуп Саке аягына чейин барасызбы деп…

Опубликовано Баткеном Шерниязовым Понедельник, 9 ноября 2020 г.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты