​COVID-19: 427 учуру катталды. 115 киши өтө оор абалда. 6 киши каза тапты

  • 3 года мурун

26-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 427 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 179;
Ош — 17;
Чүй облусу – 9;
Ош облусу — 36;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 23;
Баткен облусу — 28.

Стационарда 2861 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:

56 киши (1,9%) — канааттандыраарлык абалда;
1905 киши (66,5%) — орто оордукта;
785 киши (27,4%) — оор абалда;
115 киши (4,0%) — өтө оор абалда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 16 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 1 медкызматкер кызыл зонада жуктурган.

Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3858 учур катталды, алардын ичинен 3568 медкызматкер сакайды.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 71171 кишиге жетти.

Коронавирустан 439 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 57760ка жетти.

6 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1251 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты