​Эмил Жороев: “Конституция долбоорунун кооптуу жагы — президенттик бийликтин чексиздигинде” (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө политолог Эмил Жороев Конституция долбоорундагы кооптуу жагдайларга токтолуп, өз сунуштарын келтирди.

Эмил Жороев:

-Ар кандай жүйөөлөрдүн негиздүү кеңештердин маңызын укпай, бийлик азыр түртмөлөгөн аракетин жасап жатат. 17-ноябрда сунушталган Конституциянын долбоору (чындыгында калыс, эркин ой жүгүртүп, окуп көргөн кишилердин баары эле макул болду окшойт) бул болбой турган долбоор.

Ошону жактап, авторлорубу, ким билет, “макул, бул долбоор гана, ошону оңдойбуз, сын-пикирлердин негизинде жакшыртабыз” деген сөздөрүн айтып келишет. Биринчиден, юристтер байма-бай айтып келет, бул парламент тарабынан долбоор катары сунушталгандан кийин, аны өзгөртүүгө болбойт. Бул даяр документ, даяр долбоор катары демилгелениши керек. Жөн гана Конституциялык реформа демилгеленсин деген гана чечим болсо, анда долбоор болбош керек. Демилге ачылгандан кийин гана долбоор жазыла башташ керек.

Бирок канткенде да юридикалык маселесин четке коюп турсак, долбоорду мен баштан-аяк окуп чыктым, эң маанилүү болгон саясий, биздин жарандык укуктар, эркиндиктерге тиешелүү беренелер, бул колго алгыс документ болуптур, муну оңдоп, редакцияласа, (азыр Конституциялы кеңешмеде талкуулап жатышпайбы) андай оңдосо болбой турган документ бул. Толук бойдон жаңыдан, жаңы концепциянын, жаңы ойдун негизинде жаңы документ жазылышы керек.

Бул (азыр Садыр Жапаровго жакыныраак болуп жүргөн) Шыкмаматов мырза айткандай, “винегрет” болуп калыптыр, “урод” деп катуу баасын берди, дагы бирөөлөр “солянка” болуптур деди. Демек, бул бир багытта кеткен, ишке кирише турган документ болбой калыптыр.

Кооптуу жагы -Президенттик бийликтин чексиздигинде. Президент эч кимге реалдуу түрдө жооп бербейт. Президенттин бир гана жоопкерчилиги — бул беш жылдын аягында шайлоого баруу гана милдет.

Кененирээк — видеодо.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты