​Түркмөнстанда улгайган кишилердин бир аймактан экинчи аймакка баруусуна чектөө кирди

  • 3 года мурун

Түркмөн өкмөтү тобокелчилик тобундагы кишилер, анын ичинде жашы 50дөн өткөндөр үчүн шаар аралык жана облус аралык каттамдарды чектеди.

Ноябрдын башында Түркмөнстан бийлиги жарандарынын олуттуу себеби жок өлкө ичинде нары-бери жүрүүсүнө 2021-жылдын 1-январына чейин тыюу салган. Эми жарандар бир аймактан экинчи аймакка баруу үчүн курамына полиция, миграция кызматы, дарыгерлер жана атайын кызматтын өкүлдөрү кирген атайын комиссиядан уруксат алышы керек.

Буга чейин өлкө ичинде жүрүү үчүн коронавируска тест тапшыруу керек болсо, өткөн аптадан бери тест тапшыруу жана маалымкат алуу кыйын боло баштады.

Мартта түркмөн бийлиги өлкө ичинде жүрүүгө чектөө киргизген болчу. Темир жол жана автобус каттамдары жабылып, аймак аралык жолдор тосулган. Ушул тапта бир региондон экинчи регионго учак менен гана каттоого мүмкүн. Ошол эле маалда түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктурган учур каттала элек экенин билдирип келет.

Ушул жылдын август айынан тартып коомдук жайларда беткап тагынбагандарга 60 манат (17 доллар) айып салуу башталган. Бийлик анда оозу-мурдун чүмкөө боюнча талапты «абада чаң көбөйгөнү» менен түшүндүргөн.

Түркмөн ооруканалары пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калганы, медицина кызматкерлери илдеттен көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыккан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты