Соцфонд төрагасынын бөгөт чарасы аныкталды

  • 3 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга камалды.

Бул тууралуу 24-ноябрда Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 17-январга чейин кармалат.

УКМК 19-ноябрда расмий маалымат таратып, «Соцфонддун кызмат адамдарынын тобу материалдык жана башка артыкчылыктарга мыйзамсыз ээ болуу максатында мекеменин аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп турушкан» деп билдирген.

Атайын кызмат сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, Ирсалиевдин акча талап кылууга катышы тууралуу төгүндөлгүс маалыматы бар экенин жарыялаган.

Чогулган материалдардын негизинде ал 18-ноябрда Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка отургузулган. Бөгөт чарасы сотто 20-ноябрда аныкталды.

Ирсалиевдин атынан же анын жактоочуларынан атайын кызматтын бул маалыматы тууралуу комментарий боло элек.

Социалдык фонд эмгек акынын негизинде пенсия чегерүү жана төлөп берүү, айлык акы же башка кирешеси барлардан камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу менен алектенет.

Кыргызстанда 600 миңден ашуун пенсионер бар, орточо пенсия 6 миң сомдун тегерегинде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты