​Covid-19 га каршы вакцина 95% эффективдүүлүгүн көрсөттү

Социалдык тармактарда Covid-19 га каршы вакцина табылганы жана Европа өлкөлөрү үчүн баасы белгилүү боло баштаганы жөнүндө маалымат тараган. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

20-ноябрь күнү америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары АКШнын Тамак-аш жана медикаменттердин санитардык сапатына көзөмөл башкармалыгына (Food and Drug Administration) Covid-19 га каршы BNT162b2 вакцинасын өзгөчө абалда колдонууга уруксат сураган.

Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары АКШнын органдарына жиберилген арыздан башка, Австралия,Канада, Европа, Япония сыяктуу дүйнөнүн башка өлкөлөрдүн тиешелүү органдарына сунуштарын жиберишкен.

Азыркы эсеп менен компания 2020-жыл боюнча 50млн. вакцина, ал эми 2021-жылдын аягына чейин 1,3 млрд. вакцина даярдоону пландап жатат. Компания формалдуу иштер аяктагандан соң, саналуу сааттын ичинде вакцинаны таратууга даяр экендиктерин билдиришкен.

BNT162b2 вакцинасы 95%га өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөткөн

Вакцинанын 95% эффективдүүлүгү SARS-CoV-2 инфекциясы (коронавирусту козгоочу вирус) жана SARS вирусу барларды 3 фазалуу клиникалык изилдөөнүн натыйжасында чыккан.

SARS-CoV-2 инфекциясы экинчи дозадан кийин ар бир 7 күндө текшерилип турган. Алгачкы объективдүү анализ далилденген Covid-19дун 170 учуруна каршы колдонуудан улам чыккан. Ошондой эле, бул жыйынтык 18 жаштан өйдөкү 8000дей жарандардын коопсуздугу тууралуу такталып алынган маалыматтарга жана рандомдук түрдө тандалып алынган 38 000 ооруулуунун экинчи дозаны алгандан кийинки эки айлык байкоонун натыйжасында алынган.

Жиберилген уруксат алуу өтүнүчүндө 12-15 жаштагы 100гө жакын баланын коопсуз абалы жөнүндө да маалымат тиркелген.

Бүгүнкү күнгө чейин Маалыматты мониторнгдөө комитети вакцинага байланыштуу олутту маселе аныктаган эмес.

“Коопсуз жана эффективдүү вакцинаны жеткиликтүү кылуу маселеси абдан актуалдуу. Себебе, дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдети көбөйүп жатат. АКШга уруксат арызын бергенибиз вакцинаны бүткүл дүцйнөгө жеткиликтүү кылуудагы алгачкы кадамдар”, — деп билдирген Pfizer компаниясынын башкы аткаруучу директору Альберт Бурла.

Компаниялар дүйнө жүзү боюнча бир нече жөнгө салуучу агенттиктер менен, анын ичинде EMA жана Улуу Британиядагы медицина жаатындагы дары-дармектерди, товарларды жөнгө салуу агенттиги (MHRA) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жакынкы күндөрү дүйнө жүзүндөгү башка көзөмөлдөөчү органдарга арыз берүүнү көздөп жатышат.

BNT162b2 талапкер вакцинасы учурда дүйнө жүзү боюнча жайылтууга бекитиле элек.

Өндүрүү жана жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү

Pfizer вакцинаны менен дүйнө жүзүн камсыздоо үчүн күчтүү инфраструктурага ээ. Вакцинанын дозасын алты айга чейин сактай турган дистрибутивдик борборлору бар. Компания BNT162b2 вакцинасы үчүн атайын иштелип чыккан температураны көзөмөлдөгөн транспортторду иштеп чыккан. Алар сактоо үчүн көрсөтүлгөн шарттарды (-70 ° C ± 10 ° C) 15 күнгө чейин сактай алат. Ар бир жүк ташуучу унаа GPS функциясы бар термодатчик менен жабдылып, ар бир вакцинанын ордун жана температурасын байкап турат. Эритилгенден кийин вакцинанын флаконун муздаткычта (2 — 8 ° C) шартта 5 күнгө чейин сактоого болот.

Изилдөө программасы башталгандан бери, Pfizer жана BioNTech АКШнын 150дөн ашуун клиникалык сыноо борборлоруна, ошондой эле Европа, Латын Америкасы жана Түштүк Африкага изилдөө вакциналарын ийгиликтүү таратышты.

Изилдөө тууралуу

Патенттик технология менен негизделген BNT162b2 вакцинасынын клиникалык изилдөөсүнүн үчүнчү фазасы 27-июлда башталып, бүгүнкү күнгө чейин 43 661 катышуучуну камтыды. Алардын 41 135 адамы 2020-жылдын 13-ноябрына карата вакцинанын экинчи дозасын алышты. АКШ, Германия, Түркия, Түштүк Африка, Бразилия жана Аргентинанын 150гө жакын клиникалык борборлорунан клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы алынды. Катышуучулардын экинчи дозадан кийин дагы эки жыл бою коопсуздугу көзөмөлдөнөт.

Pfizer жана BioNTech изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жана коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды эксперттик баа берүү үчүн илимий журналга тапшырууну пландаштырууда.

Европа Биримдигинин өкүлү Reuters маалымат агенттигине вакцина үчүн 10 миллиард доллардан ашык каражат төлөп бериши мүмкүн экендигин билдирген.

Бүткүл дүйнеөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча официалдуу комментарий бере элек.

Жыйынтык: BNT162b2 вакцинасы 95%га өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөткөнү чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты