Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн Конституцияны өзгөртүүнүн кереги жок

Кыргызстан юристтеринин жамааты Конституциялык референдум боюнча юридикалык баасын берди. Алардын айтымында өлкөдөгү абалды оңдоо үчүн Конституцияны өзгөртүүнүн кереги жок.
























Коррупцияны Конституциялык реформадан кийин жойбосо, азыр татаал болууда

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Коррупцияга каршы күрөшүү өтө татаал болуп жатат”,-деп билдирген. Анын айтымында, жемкорлукту жоюуга шарт түзүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү керек. “Коррупция менен күрөшүү өтө татаал болуп жатат. Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жое албасак, азыр жоюу өтө татаал экен. Бирок, колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобандар бар, а бизде энергобандар болуп жатат”, — деген. Жапаров өкмөт мүчөлөрүнөн көйгөйлөрдү жоюу боюнча сунуштарды күтөрүн айтып, бюджеттин абалы начар экенин белгилеген.

Көйгөйлөргө Конституциянын тиешеси жок

Юрист, жарандык активист Таттыбүбү Эргешбаева учурдагы саясий абалга баа берди. Анын айтымында азыр толук легитимдү институт жок. Өз сөзүндө Президент институту, Парламент институту, Өкмөт институту дагы туруктуу эмес болгондугуна байланыштуу эл аралык аренада чечимдер кабыл алынбай жаткандыгын айтты.

“Мамлекеттик бюджеттеги дефицит жылдын башында 27млрд сом болчу. Азыркы учурда финансы министрлигинин официалдуу билдирүүсү боюнча 35млрд.сом. Мамлекеттик карыз 4,6млрд.$. Эки жүздөн ашуун эл аралык уюмдарга карызыбыз бар. Жакырчылык көбөйүп жатат. 2019-жылдын башында мамлекеттик статистика комитети тарабынан 25% жакырчылык аныкталган. Эми, Дүйнөлүк Банк берген божомол боюнча бул 33%га көтөрүлүп кетиши мумкүн”, — дейт ал.

Ошондой эле, Таттыбүбү Эргешбаева миграция маселеси боюнча 1.5 млн. жаран чет өлкөдө эмгектенишерин айтты. “Жети жүз миңден көбүрөөгү Росиияда жүрүшөт жана алар бир жылда мамлекеттик банкка 2.5млрд.$ салышат. Ал акча каражаттары чындап элибиздин жашоосуна позитивдүү таасир этет. Ал эми быйыл эки эсе аз келип жатат”.

Эргешбаева азыркы учурда Конституциялык реформа жүргүзүү негизсиз болгондугуна жана Садыр Жапаров келтирген жүйөлөрдүн баш мыйзамга тиешеси жок экенине токтолду: “Жыл башынан бери дүйнө жүзүндө күч алган коронавирус пандемиясынын натыйжасында бизнес тармагы артка кетип, жалпы кыйынчылыктар башталган. Эми, жаңы келген бийлик шылтоо тапты. Коррупцияны жоюу үчүн, экономиканы өнүктүрүү, жергиликтүү аймактарды өзгөртүү үчүн Конституцияны өзгөртүш керек деп жатышат. Өлкөдөгү азыркы оор абал, тышкы карыз кантип бир Конституцияны өзгөрткөндө өзгөрүп кетмек эле? Бул-элдин үстүнөн манипуляция. Бул көйгөйлөрдүн Конституцияга тиешеси жок”, — деди.

Юристтердин пикиринде маселени чечүү жолу кандай?

Таттыбүбү Эргешбаева көйгөйдү чечүү үчүн Өкмөт көңүлдү Конституцияга эмес, сектордук маселелерге буруш керек экендигин белгиледи:

“Биринчиден- мамлекеттеги менеджмент. Канчалаган министрликтер, агенттиктер бар. Алар же бири-бирине каршы же бири-бирин кайталап иштейт. Башкача айтканда, мамлекеттин моюнунда отрат. Өкмөттө, башка бийлик бутактарында реформалар керек. Ал, Конституцияга тиешелүү эмес.

Экинчиден, кадр саясаты. Компетенттүү, билимдүү, иштейм деген адамдар өз жумушуна келиш керек. Бул дагы Конституцияга тиешелүү эмес. Конституцияны өзгөртүп алып туруп деле, мурдагы байлар, коррупционерлер же билимсиз адамдар дагы деле кызматында отурса, өлкө өзгөрүлбөйт.

Үчүнчүдөн, финансы жана мамлкеттик бюджетти башкаруу саясаты. Мамлекеттик активдер менен иштөөнү билүү керек. Ар бир мамлекеттик структурада коррупция бар. Ар бир мамлекеттик менчиктин үстүндө “кароолчулар” отурат. Алар мамлекеттик мекемеде жетекчи болуп иштейт дагы, бардыгын көзөмөлдөп турушат. Конституцияны өзгөрткөн менен мындай коррупцияланышкан абал жоголбойт.

Аймактык жергиликтүү мекемелерге мыйзамды активизация кылыш керек.

Эффективдүү сот системасына, күч түзүмдөрүнө жана эң башкыс бизнес тармагына көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек”.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты