Бир адамда COVID-19 экинчи жолу катталганын далилдөө мүмкүн эмес

Твиттер колдонуучусу экинчи жолу коронавирус менен ооруп калгандыгы туурасында жазган.

Ошондой эле, Фейсбук колдонуучулары Фейсбуктагы “KG Докторлору — Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин жамааты” баракчасына “Коронавирус менен экинчи жолу ооругандар бар” — деген сыяктуу билдирүүлөрдү калтырышкан.

Бул маалыматты ПолитКлиника медиасы текшерип көрдү.
























Министрлик: COVID-19 менен экинчи жолу катталгандар жок

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык жана мите-жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча дирекциясынын башчысы Динара Оторбаеванын маалыматына таянсак, статистика боюнча Кыргызстанда экинчи жолу коронавирус менен ооруп катталгандар жок.

Саламаттыкты сактоо министрлиги октябрь айында Covid-19ду экинчи жолу жуктуруп алуу боюнча атайын изилдөө жүргүзгөн. Анда, экинчи жолу коронавирус болуп атам деген тогуз адамды карап көрүшкөн. Жыйынтыгында баарынан коронавирустун экинчи учуру аныкталган эмес.

Эл сасык тумоолоп калса эле “коронавирус болуп калдым”,- деп ойлоп атышат. Айрым врачтар да коронавирус менен гриппти алмаштырып атышат. Бирок, Кыргызстанда коронавирусту экинчи жолу жуктуруп алгандар жок. Ар кандай сөздөргө ишенбеш керек”, — дейт Динара Оторбаева.

“Covid -19ду экинчи жолу жуктуруп алдым”, — деп кайрылгандарга экинчи жолу ПЦР-тест жасалып, кайрадан анализ алынат.

Мисалы, биз текшерген тогуз адамдын биринчи жолу тапшырган ПЦР-тесттинен коронавирус аныкталган. Экинчи жолу ооруп, ПЦР-тест тапшырганда коронавирус аныкталган эмес”, — дейт Динара Оторбаева.

Ошондой эле, кээ бир адамдар биринчисинде жөн эле грипп менен ооруп, ПЦР-тест тапшырбай эле “коронавирус болдум”, — деп ойлошот. Бирок, анда коронавирус эмес, жөн эле грипп болуп оорушкан болушу мүмкүн.

Дүйнө жүзүндө Covid-19 кайрадан жуккан 5 учур катталган

Учурда Covid-19 вирусунун кайрадан жугушу жана адамдын иммунитетинин бул вируска туруштук берүүсү жөнүндө ар түрдүү пикирлер бар. Азырынча бул багытта далилдер абдан аз.

Маселен, дүйнө жүзү боюнча коронавирусту кайрадан жуктурган беш учур катталган деген маалымат чыккан. Ага ылайык, Невада университетинин Коомдук саламаттыкты сактоо кызматкери Марк Пандори атайын изилдөө жүргүзгөн.

Изилдөөнүн жүрүшүндө талкууланган Невада штатындагы 25 жаштагы тургуну 48 күндүн ичинде эки башка коронавирус штаммын жуктуруп алганын жазган. Ага биринчи жолу SARS-CoV-2 диагнозу коюлган, жигит карантинге кирип, андан кийин терс жыйынтык менен эки жолу ПЦР- анализин тапшырган.

Июнь айында коронавируска карата тапшырган анализи кайрадан оң болуп, экинчи жолу оорусу күчөп кеткен. Ал катуу ысытма, баш оору, баш айлануу, жөтөл, жүрөк айлануу жана тамак сиңирбөө менен коштолуп, натыйжада бейтап ооруканага жаткырылып, кычкылтек колдонууга муктаж болгон.


Жыйынтык: Кыргызстанда массалык түрдө ПЦР анализ жасалбагандан кийин Covid-19ду кайталап жуктурган учурлар болгон, же болбогонун далилдөөгө мүмкүн эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты