​Конституциялык реформага каршы кол топтоло баштады

  • 3 года мурун

Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбооруна каршы кол чогултуу башталды. Бул тууралуу 23-ноябрда юристтер тобу Бишкекте «Шашылыш конституциялык реформа: мыйзамдуулук жана негиздүүлүк» деген темада өткөргөн брифингде билдиришти.

Юристтердин айтымында, кол чогултуу электрондук ыкма менен www.stop-referendum-kg.com сайты аркылуу жүрүп жатат.

Демилгечилер референдум тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу жана парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн кеминде жарым миллион кол чогултууну көздөп жатышканын маалымдашты.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева буларды айтты:

«Эгерде азыр биз конституциялык реформага ушундай жол менен барсак, анда бир-эки жылдан кийин кайра эле ушул жолго түшөбүз. Кайра эле Кыргызстан мамлекеттик төңкөрүштүн барымтасында кала берет».

Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкканы 17-ноябрда белгилүү болгон. Аны референдумга чыгарыш үчүн коомдук талкууга коюу тууралуу мыйзам долбооруна 80 депутат демилгечи экени расмий жарыяланды. Кийин ал депутаттардын айрымдары демилгечи болуудан баш тартканын билдиришти жана Баш мыйзамдын долбоорун жазбаганын, аны көрбөгөнүн, ага автор эмес экенин айтып чыгышты.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлдү. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Конституциялык кеңешменин иши 15-20 күнгө созуларын болжоду.

Жаңы Конституциянын тарапкерлери, эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын айтып жатышат, ал эми оппоненттер өлкөдө авторитардык бийлик орношу ыктымал деген кооптонуусун билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты