Ереванда Пашиняндын отставкасын талап кылган акциялар кайрадан өттү

  • 3 года мурун

Еревандын Эркиндик аянтында кайрадан митинг өттү. Бул күнү өлкөгө орусиялык делегация келген. Анын курамында орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу, ӨКМ башчысы Евгений Зиничев жана башка министрлер болгон.

Шойгу менен Лавров Армения премьер-министри Никол Пашинян менен өзүнчө жолугушуу өткөрүшкөн. Башкы тема Тоолуу Карабактагы абал жана ал жакка орусиялык тынчтык орнотуучулардын жайгашуусу болду.

Лавров Ереванга Тоолуу Карабакта тынч жашоону орнотууга багытталган чоң программа менен келгенин айтты. Ал абал орусиялык тынчтыкты орнотуучулардын толук көзөмөлүндө экенин билдирди.

Бул арада ондогон адамдар Еревандын борборундагы Тиграна Меца көчөсүн торошту. Оппозициячыл «Дашнакцутюн» партиясынын активисттери премьер Никол Пашиняндын отставкасын талап кылышты. Полиция аларды кууп таркатты. Андан бир саат өтпөй нааразы болгон топ Армения өкмөтүнүн имаратынын алдында армян желегин жаюуга аракет жасады.

«Настоящее Время» кабарлагандай, полиция кыймылга тоскоолдук жараткандарды дароо кармап кетүүдө.

Армениядагы саясий кризистен улам бир катар министрлер кызматтан кетишти. Пашинян кызматтан кетүү ниети жоктугун айткан. РБК маалымдагандай, ал 18-ноябрда мамлекетте пландалган реформалар тууралуу баяндап, жарым жылдан соң баяндама жасарын билдирген.

10-ноябрга караган түнү Армениянын, Азербайжандын жана Орусиянын лидерлери Тоолуу Карабактагы жаңжалды токтотуу тууралуу билдирүүгө кол коюшкан. Натыйжада, мурда армяндар көзөмөлдөп келген Тоолуу Карабактагы ири аймак Азербайжанга өтмөй болгон.

Армениянын өкмөт башчысы бул документти расмий Ереван үчүн оор чечим деп, бирок башка айла да жоктугун айткан.

Сүрөт: FRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты