​COVID-19: 857 бейтап оор абалда, 133ү өтө оор абалда. Төртөө каза тапты

  • 3 года мурун

22-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 432 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 138
Ош — 27
Чүй облусу – 62
Ош облусу — 26
Талас облусу — 10
Нарын облусу — 15
Ысык-Көл облусу – 51
Жалал-Абад облусу – 66
Баткен облусу — 37

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 432

Стационарда 3078 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
58 бейтап (1,8%) — канааттандыраарлык абалда;

2030 (65,9%)- орто оор абалда;
857 (27,8%)- оор абалда;
133 (;4,3%) — өтө оор абалда.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 69581 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 517 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 60811 кишиге жетти.

4 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1231 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты