​Бөрүбашев: Конституция долбоорунун авторлору — ага кол койгон депутаттар

  • 3 года мурун

Баш мыйзамдын референдумга коюла турган вариантын иштеп чыгуу боюнча конституциялык кеңештин биринчи жыйынында кеңештин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Конституция долбоорунун авторлору аны демилгелеген депутаттар экенин белгиледи.

-Автору – демилгечи болгон депутаттар. Конституциялык кеңешмеде талкуулап бүткөндөн кийин биз, кеңешменин 85 мүчөсү авторлош болуп калабыз, -деди ал.

Долбоорду демилгелеген 80 депутат булар экени Конституциянын долбоорунда белгиленген.

Ш.Абдыкеримов, А.Абжалиев, Н.Айдаров, С.Айдаров, А.Акматов, Н.Алимбеков, Алтынбеков Айбек, О.Алыбаев, А.Арапбаев, Н.Арзыбаев, С.Анарбаев, Г Асылбаева, К.Баймуратов, М.Бакиров, Ө.Бакиров, А.Бердиев, А.Бешимбаева, К.Бокоев, И. Гайпкулов, С.Жураев, А.Дюшалиев, К.Жапаров, К.Жолдошбаев, Т.Жоробеков, К.Жумалиев, Жунус уулу Адыл, А..Жутанов, С.Ибраев, Т. Икрамов, С. Исманов, Д.Исаева, У.Исмаилов, А.Карашев, Н. Каримов, А.Карыбеков, С.Келдибаев, Б.Кенжебаев, К. Керезбеков, М.Койчуманов, Т.Конушбаев, А.Кулбараков, У.Кыдыралиев, М.Мавлянова, М.Маматалиев, А.Маматов, И.Маннанов, Г.Молдобекова, С.Молдалиев, Ж.Мусабекова, Б.Нурдинов, И.Омуркулов, У.Ормонов, А.Осмонова, У.Примов, Б.Райымкулов, З.Рысалиев, К.Рыспаев, М.Сабиров, У.Самаев, Г.Самат, У.Садиков, Б.Субанбеков, А.Султанов, Б.Сыдыгалиев, Н.Сыдыгалиев, Н.Сырдыбаев, Ч.Урумкалиева, Э.Тагаев, Т.Тиллаев, Э.Токтошев, Б.Торобаев, Н.Тотонов, П.Тулендыбаев, О.Турдумамбетов, А.Турсунбаев, Б.Турусбеков, Ж.Турускулов, З.Эсеналиев, М.Эгембердиев, А.Юсуров.

Бирок ЖК депутаттарынын арасынан Эмил Токтошев долбоорго кол койбогонунжана долбоорду көргөндө, каршы болгонун билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов долбоорду үстүртөн эле коюп койгонун айтса,Махабат Мавлянова Би-Би-Си радиосуна берген маегинде Баш мыйзамдын жаңы долбоору менен танышууга кыска убакыт берилгендиктен аны үстүртөн гана окуп, кол коюп бергенин билдирди. Бирок документ менен толук таанышкан соң, депутат ал чечиминен кайра баш тартып жатканын айттты.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты