Садыр Жапаров: Баш мыйзам долбооруна каршы чыгып жаткан ана башчынын жүзүн жакында ачам

  • 3 года мурун

Садыр Жапаров Баш мыйзамга каршы чыгып жаткандардын ана башчысынын жүзүн жакында ача турганын Инстаграм баракчасында билдирди.

Анда мындай деп жазылган (Анын тексти өзгөртүүсүз берилет).

-Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө:
Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери Курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам.
Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам, деп жазды Жапаров.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.

Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Саясий партиялардын, Президенттикке талапкерлердин жана коомчулук өкүлдөрүнүн кайрылуусу

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты