Исхак Масалиев: Президенттик бийликти жактайм, бирок азыркы Конституция долбоорун колдобойм

  • 3 года мурун

20-ноябрда Бишкекте өткөн Конституциянын жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршыдеген жарандык коомдун чукул жыйында экс-депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин мөөнөтүн узартуу менен мыйзам бузулганын айтты.

“Парламенттин мөөнөтү 28-октябрда бүткөн. Салык төлөөчү катары мен бул парламентти баккым келбейт. Садыр Жапаровго жана тарапташтарына айткым келет, кандай келсе ошондой кетет. Мен президенттик башкаруунун жактоочусумун. Бирок азыркы жаңы долбоорду колдобойм”, — деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.

Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты