Кубанычбек Исабеков парламентти таркап кетүүгө чакырды

  • 3 года мурун

Бишкекте 20-ноябрда Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча «Жарандар бийликтин узурпациясына каршыдеген жарандык коомдун чукул жыйыны өттү.

Жыйында парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков Жогорку Кеңешти таркап кетүүгө чакырды:

“Азыр Жапаров супер президент болгусу келип атат. Жаңы Баш мыйзамда парламент болот, бирок чечим кабыл албайт деп жазылып турат. Андай болсо, парламенттин эмне кереги бар? Биз азыр жардын кырында турабыз. Европа Биримдиги акча берүүдөн баш тартты. Азыр депутаттар келерки жылдын бюджетин бекитип, өзүн-өзү таратышы керек. Бул — эң жеңил жол. Өлкө үчүн өзүн-өзү таратууга барыш керек”, — деп билдирди Исабеков.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.

Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты