​“Медиа борбор”: “Конституция долбоору-Кыргызстандагы адам укугуна жана сөз эркиндигине коркунуч туудурат”

Баяндар

2020-жылдын 17-ноябрында сунушталган Конституциянын долбоору боюнча “Медиа борбору” коомдук фонду билдирүү таратты.

Анда мындай деп айтылат:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору адамдын жана жарандын укугуна, ошондой эле ЖМК эркиндигине коркунуч келтирет, ал референдумга алынып чыкпашы керек.

Конституция долбоорунун преамбуласында эле демократиялык мамлекеттерге коркунуч келтире турган жобо бар, анда “Укуктук үстөмдүгү” деген сөз “ыймандык баалуулуктар” деген сөз менен алмаштырылган.

Бул, эгер мыйзам менен кимдир-бирөөнүн ыймандык баалуулуктары менен кандайдыр карама-каршылыктар жаралып калса, экономикалык, социалдык, саясий ж.б. ресурсу көп жактардын ыймандык баалуулуктары алынып калышы ыктымал.

Маалымат алуу укугу

Адам укугунун Жалпы декларациясынын 18-беренесинде минтип жазылган:

“Ар бир адам ишениминин эркиндигине жана аны ачык айтууга укуктуу; бул укук өз ишеними жана эркиндигин бекем тутуп, мамлекеттин чек арасына карабастан маалыматты эркин издеп, эркин алып, ар кыл каражаттар менен эркин жайылтуу укугуна ээ” деп айтылат.

Бул укук жарандык жана саясий укук тууралуу эл аралык келишимдин 19-беренесинде мындан да чечмеленип берилген.

“ 1. Ар бир адам өзүнүн пикирин тоскоолдуксуз алып жүрүүгө укугу бар.

2. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө укугу бар, бул укук чек арага карабастан ар кыл маалыматты жана идеяларды эркин алууга жана издөөгө, аны оозеки, жазуу түрүндө, басма сөз же көркөм түрүндө же өзү тандаган башка жолдор менен жайылтууга укугу бар” .

3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган укуктар өзгөчө милдеттерди жана жоопкерчиликти камтыйт. Ал, демек, айрым чектөөлөр менен коштолушу мүмкүн, бирок алар мыйзам менен бекитилип, төмөндөгүлөрдү камтышы керек.

а) башкалардын укугун жана кадыр-баркын сыйлоого;

в) мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, ден соолугун же элдин адеп-ахлагын сактоого милдеттүү.

Кыргыз Республикасы мурдагы Совет мамлекеттеринде эң биринчилерден болуп МПГПП келшимине кошулган, ал эл аралык келишимди сактоого милдеттендирет.

Бирок эл аралык коомчулуктун алдындагы милдеттенмелерине карабастан КР Конституция долбоорунда ммамлекеттик жана жергиликтүү органдарга болгон маалыматтарды алуу укугу ЖМКга гана берилген.

Калган адамдар мындай укуктан ажыратылган. Тактап айтканда Конституциянын бул долбоорунда азыркы Конституцияда болгон 33-беренедеги укуктар жана кепилдиктер берилген эмес.

Андан тышкары Конституция долбоорунда жарандарга адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу боюнча мамлекеттик бийлик органдарына , жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуу укугу берилген эмес.

Учурдагы Конституциянын 33-беренесинде:

“1. Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ.

2. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

3. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу.

4. Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет. Маалымат берүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

5. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес” деп берилген.

Бул укуктар учурдагы Конституциянын 41-беренесинде көрсөтүлгөн.

!1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү.

2. Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу”.

Адамдын кадыр-баркына доо келтирүү же ар -намысын басмырлоо беренеси боюнча кылмыш жазасына тартуу кайра кайтып келиши мүмкүн.

Конституция долбоорунун 27-беренесинин 2-пунктунда:

“ Кыргыз Республикасында адамдын ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис. Адамдын ар-намысына шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат.” деп айтылат.

Андан дагы оппозициялык көпчүлүктүн кадыры андан дагы жогору бааланат.

Ошондой эле Конституция долбоорунда:

“Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес.” деген ченем жок.

Бул жобону кабыл алуу демократиялык принцип жана сөз эркиндигинен артка бир топ эсе кайтуу болуп эсептелет.

Бул сындаган жарандарды жана ЖМКны кадыр-баркка шек келтирүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып барышы мүмкүн. Ал тургай чын жана фактыга негизделген материалдар үчүн да куугунтукка алууну көздөп калышы мүмкүн.

Ыймандык баалуулуктар (Кимдин? Кандай?) мыйзамдан жогору жана баары ага баш ийиши керек

Конституция долбоорунун 23-беренесинде:

“1. Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

2. Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет”.

Учурдагы Конституциянын 31-беренесинин 4-пункту:

“4. Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат” деп турат.

Мындан тышкары“Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзамдын 23-беренесинде тартуугатыюу салынган маалыматтын тизмеси бар. Мындай жоболор кылмыш, административдик жана жарандык мыйзамдарда бар. .

Эң катуу коркунуч Конституция долбоорунун 23-беренесинде жатат:

23-берене

“1. Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

2. Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салыуу менен чектелет.”

Бул жобонун так белгиленген ченеми жок, бийликке жакпаган ЖМКга карата колдонсо болот. Мисалы кыз ала качуу азыр деле салт катары эсептелет, ошол кыз ала качуу тууралуу жазган ЖМКга деле ушул долбоор боюнча тыюу салабы?

Бул берене ЖМКга жана интернет каражаттарына цензураны орнотот

Бул билдирүү менен “Медиа өнүктүрүү борбору “ Конституция долбоору менен таптакыр макул эместигин билдирет жана Конституция долбоорун демократияга жана элге каршы деп эсептейт.

Конституция долбоору талкууга коюлары менен коомчулуктун сын -пикирине кабылды. Конституция долбоору өлкөнү артка тартаары,орто кылымдарга алып барары Кыргызстанга коркунуч келээри белгиленип жатат.