Конституция долбоору: Садыр Жапаров жактап чыкты. Садык Шер Нияз ал жолдон кайтууну сунуштады

Садыр Жапаров Конституция долбоорун жактап чыкты. Садык Шер Нияз ал жолдо тоталитаризмдин, диктатуранын жыты жыттанып турганын билдирди.

Садык Шер-Нияз: “Ал жолдо тоталитаризмдин, диктатуранын жыты жыттанып турат”

Садыр Жапаровдун Конституциянын жаңы долбоору боюнча билдирүүсүнө Садык Шер Нияз мындайча жооп кайтарды:

— Жаңы Конституция тууралуу айтып келип, ал эмне үчүн кирип жатканын негиздеп келип, мындай деп жатат

“Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгон” дейт Жапаров.

Ага Садык Шер Нияздын жообу:

-Азыркы келе жаткан Конституциянын долбоору бир адамдын эле кызыкчылыгын ойлоп жатат. Бул түшүнүктүү эмеспи. Бардык эл түшүнүп жатат азыр эмне болуп жатканын. Ал Конституция парламентаризмге багыт алган Конституция болчу. Ал Конституция, менин билишимче депутаттардын укуктарын коргоп, парламенттин авторитетин көтөрүп, парламентке кадам таштаган Конституция болчу.

Азыр бул Конституция (долбоору-ред.) менен бүткүл эркиндикти, парламентти басып жатабыз, бардык бийликтин эгеси-кожоюну Президент болуп калып жатат. Мына, айырмасы.

Менин оюмча, сиздин айтканыңыз менен бүгүнкү абал карама-каршы келет. Муну сиз түшүнүшүңүз керек. Анан айтып жатасыз, -деди Садык Шер Нияз:

“Тактап айтканда, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзгөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, ошол эле убакытта толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган”.

Жапаровдун бул айткандарына Садык Шер Нияздын жообу:

-Ал жерде алешемдиктер болушу мүмкүн. Эмне үчүн сиздер алып келип жаткан Конституцияда ошол эле берене кайталанып турат, толугу менен? Эмне үчүн сиздер алып келе жаткан Конституцияда жаңы Конституцияны киргизүү процедурасы каралган эмес? Анда эгер сиз ушул нерсени сындап жатсаңыз, анда эмнеге ошол эле нерсени жаңы Конституциянын долбооруна киргизип жатасыңар? Менин оюмча , сиздерде дасыккан юристтер иштеди, сиз да карап көрдүңүз, демек азыр коргоп чыгып жатсаңыз. Негизи эле бул Конституциянын автору ким экени билинип калды, сиздин сөзүңүздөн эле.

Эмне үчүн анда 114-берене туура эмес болсо, сиз колдоп жаткан Конституциянын долбоорунда ошол эле берене кайра эле басылып жатат? Эмне үчүн?

Андан кийинкисине өтөлү.

“Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди” деп жатасыз.

-Суроо туулат: -Шоопурлар кимлин шоопурлары эле, депутаттардын, парламентарийлердин шоопурларыбы? Ошол шопурлар, жансакчылар Президенттин шопурлары жана жансакчылары эмес беле? Ошол көйгөйдү алып келген президенттик башкаруу эмес беле? Ошол 30 жылдан бери көйгөйдү алып келе жаткан кимдер болгон? Парламентпи, легендарлуу парламентпи, , андан кийинки парламентпи? Ошол президенттик башкаруу, андан кийинки ныгырууга өтүп, Конституцияны өзгөрткөнгө карабай, папрламенттик системага баш койгонго карабай, ошол сиз айткан президенттин шопурлары, жансакчылары башкарып келди го. Эмне үчүн бул жерде биз парламентти күнөөлөшүбүз керек?

Сиздин билдирүүңүздө дагы алешем, чийки, бири-бирине карама каршы келген сөздөр көп бар экен. Мен окуган Конституция долбоорунда да ошондой нерселер абдан көп.

Биздин ар бир сөзүбүз бири-бирибизге каршы келип жатат. Бул жерде кайсы тилде болбосун, тоталитаризмдин, диктатуранын жыты жыттанып турганын айткым келет. Бул жолдон кайтышыбыз керек, Садыр мырза! Кайталы! Элди бириктирип, элдин айтканын угуп, элге чыныгы бийликти берип, Кыргызстанды алга алып жөнөйлү! Мен сизге ушуну дагы бир жолу айткым келет, -деди Садык Шер Нияз.

Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, жаңы Конституция долбоорун жактап, мындай деп билдирүү жасады.


Садыр Жапаров: «Жаңы Конституцияны кабыл алуу зарылчылыгы келип чыкты»

-Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциясында жана андан кийин өзгөртүү, толуктоолору менен кабыл алынган Конституциялардын редакцияларында Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынат деп так жазылган эле.

Ошону менен өлкө эгемендигинин ээси болгон жалпы кыргыз элине мамлекеттик маанидеги олуттуу маселелерди чечүү мумкүнчүлүгү берилген.

Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгон.

Тактап айтканда, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзгөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, ошол эле убакытта толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган.

Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемендүү мамлекет катары калыптанып, андан ары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган.

Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым.

Ал эми элдин талабы эмнеде? Албетте, экономиканы көтөрүү, элдин социалдык муктаждыгын жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу жана ошондой эле башка орчундуу маселелерди чечүү.

Жалпы кыргызстандыктардын талаптарын аткаруу үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуунун зарылчылыгы келип чыкты. Анткени 2010-жылда кабыл алынган Конституция менен биз мындан ары жашай албай турганыбызды жогоруда айтылган он жылдык турмуштук тажрыйбабыз даана көрсөттү.

Бүткүл элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу укугун элге кайтарып берүү бул артка чегинүү же Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес. Тескерисинче, мамлекеттин түзүлүшү жана мамлекеттик маанидеги башка орчундуу маселелерди чечүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн элге кайтарып берүү катары эсептөө керек.

Мындан жыйырма эле күн мурда жаңыланууга каршы болгондор “кокуй эле кокуй, жабык эшик артында Баш мыйзамды даярдап, элдин талкуусуна алып чыкпастан, кабыл алганы жатышат” деп, кыйкырып чыгышты эле. Эми Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна алып чыкса, буга дагы каршы болуп, “мыйзам бузуулар болуп жатат” деп элибиздин башын айлантып, бут тосуп жатышат, -деди Садыр Жапаров кайрылуусунда.

Конституция долбоору талкууга коюлары менен коомчулуктун сын -пикирине кабылды. Конституция долбоору өлкөнү артка тартаары,орто кылымдарга алып барары Кыргызстанга коркунуч келээри белгиленип жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты