Конституция долбоору: Автору табылдыбы?

Конституция долбоорунун автору ушул кезге чейин белгисиз болуп жаткандыгы маалым. Бүгүнкү күнгө карата Конституция долбоорунун автору катары Садыр Жапаровдун аты аталууда.

Сунушталган Конституция долбоорунда анын авторлору ким экени көрсөтүлгөн эмес. Бирок Конституция долбооруна берилген сунуштамасында “Жогорку Кеңештин депутаттары” деп жазылган.

Президенттин басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов 24.kg, агенттигине берген интервьюунда башкы мыйзамды парламенттин депутаттары жазып жана референдумду демилгелеп жатканын айткан. .

Айрым маалыматтарда Конституция долбоорунун автору катары президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевдин аты аталат. Бирок Зулпиев долбоорго автор эмес экенин “Азаттыктын” эксперттер талдайт” билдирүүсүндө айтты.

Президенттик аппаратттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев ошол эле берүүдө долбоорду 80 депутат сунуштап демилгелегенин, демек Конституция долбоорунун автору ошол депутаттар болуп эсептелээрин белгиледи.

Долбоорду демилгелеген 80 депутат булар экени Конституциянын долбоорунда белгиленген.

Ш.Абдыкеримов, А.Абжалиев, Н.Айдаров, С.Айдаров, А.Акматов, Н.Алимбеков, Алтынбеков Айбек, О.Алыбаев, А.Арапбаев, Н.Арзыбаев, С.Анарбаев, Г Асылбаева, К.Баймуратов, М.Бакиров, Ө.Бакиров, А.Бердиев, А.Бешимбаева, К.Бокоев, И. Гайпкулов, С.Жураев, А.Дюшалиев, К.Жапаров, К.Жолдошбаев, Т.Жоробеков, К.Жумалиев, Жунус уулу Адыл, А..Жутанов, С.Ибраев, Т. Икрамов, С. Исманов, Д.Исаева, У.Исмаилов, А.Карашев, Н. Каримов, А.Карыбеков, С.Келдибаев, Б.Кенжебаев, К. Керезбеков, М.Койчуманов, Т.Конушбаев, А.Кулбараков, У.Кыдыралиев, М.Мавлянова, М.Маматалиев, А.Маматов, И.Маннанов, Г.Молдобекова, С.Молдалиев, Ж.Мусабекова, Б.Нурдинов, И.Омуркулов, У.Ормонов, А.Осмонова, У.Примов, Б.Райымкулов, З.Рысалиев, К.Рыспаев, М.Сабиров, У.Самаев, Г.Самат, У.Садиков, Б.Субанбеков, А.Султанов, Б.Сыдыгалиев, Н.Сыдыгалиев, Н.Сырдыбаев, Ч.Урумкалиева, Э.Тагаев, Т.Тиллаев, Э.Токтошев, Б.Торобаев, Н.Тотонов, П.Тулендыбаев, О.Турдумамбетов, А.Турсунбаев, Б.Турусбеков, Ж.Турускулов, З.Эсеналиев, М.Эгембердиев, А.Юсуров.

Мирлан Бакиров сунуштар болгонун, ошол сунуштар киргизилгенден кийин авторлордун бири экенин кошумчалады.

Бирок ЖК депутаттарынын арасынан Эмил Токтошев долбоорго кол койбогонунжана долбоорду көргөндө, каршы болгонун билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов долбоорду үстүртөн эле коюп койгонун айтса,Махабат Мавлянова Би-Би-Си радиосуна берген маегинде Баш мыйзамдын жаңы долбоору менен танышууга кыска убакыт берилгендиктен аны үстүртөн гана окуп, кол коюп бергенин билдирди. Бирок документ менен толук таанышкан соң, депутат ал чечиминен кайра баш тартып жатканын айттты.

Конституция долбоорун көргөндөн кийин бир катар депутаттар долбоорду демилгелеген топтун катарынан чыга турганын айтып жаткандыгын Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаев бүгүн, 19-ноябрда, пресс-конференцияда белгиледи. Депутаттар Бейшенбаева, Сыдыгалиев кол койбогонун айтканын кошумчалады.

Канат Исаев ачык айтканда Конституция долбоорунун автору Садыр Жапаровдун өзү экенин айтты.

Эгер ачык айтсак, Конституция долбоорунун автору Садыр Жапаровдун өзү. Себеби ал буга чейин долбоор даярдалып жатканын айткан. Бир да депутат долбоорду даярдоого катышкан эмес, алар автор эмес. Долбоор президенттик аппаратта даярдалган, -деп билдирди Исаев.

Ал эми Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда элге кайрылып мындай деди:

— Мындан жыйырма эле күн мурда жаңыланууга каршы болгондор “кокуй эле кокуй, жабык эшик артында Баш мыйзамды даярдап, элдин талкуусуна алып чыкпастан, кабыл алганы жатышат” деп, кыйкырып чыгышты эле. Эми Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна алып чыкса, буга дагы каршы болуп, “мыйзам бузуулар болуп жатат” деп элибиздин башын айлантып, бут тосуп жатышат.

Эгерде жаңыланууну жана келечекте өнүккөн кыргыз мамлекетинде жашоону кааласак, анда биз анык реформаларга барышыбыз керек.

Ошондуктан кыргызстандыктар, жалпыңыздарды Конституциянын жаңы долборун талкуулоого активдүү катышууга чакырам, -деди Жапаров.

Экс-депутат Садык Шер Нияз бүгүн, 19-ноябрда Садыр Жапаровдун Кайрылуусунан кийин Конституция долбоорунун автору ким экени белгилүү болуп калганын айтып чыкты.

Конституция долбоору талкууга коюлары менен коомчулуктун сын -пикирине кабылды. Конституция долбоору өлкөнү артка тартаары,орто кылымдарга алып барары Кыргызстанга коркунуч келээри белгиленип жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты