“Сүйүктүү адамым ВИЧ жугузганын кечире албайм”. ВИЧти жыныстык жол менен жуктургандар көбөйүп жатат

.

«Сүйүктүү адамым ВИЧ жугузганын кечире албайм». ВИЧти жыныстык жол менен жуктургандар көбөйүп жатат

Сабина ВИЧти жуктуруп алганын мындан төрт жыл мурда билген. Сабинанын таанышы, анын турмуш курам деп жаткан жигитинин ВИЧ статусу бар экендигин айткан. Ал жигити менен жыныстык катнашта болуп жүргөндүктөн, дароо эле анализ тапшырганы барган.

Мединицалык кызматкерлер күйпөлөктөп калганынан эле Сабина анализ начар чыкканын түшүнгөн.

«Мени даярдагандын кереги жок, ачык эле айткыла» дедим. Мага анализден ВИЧ табылганын айтышты. Алдын ала ушундай жыйынтык болорун билсем дагы, башыма бир нерсе менен чапкандай, аба жетпей эшикке чуркап чыктым. Буулугуп ыйладым, кыйкырдым. Ал учурду эстеген дагы оор«, — дейт көзүнө жаш алган Сабина.

Сабинага ВИЧтен оң жыйынтык чыкканына караганда, жигитинин ага жасаган саткын мамилеси катуу тийген.

«Ага чалып кыйкырдым, ыйладым, ал «статусумду ачык айтсам сен таштап кетесиң деп коркком» деген шылтоо айтты, көп жолу кечирим сурады. Бирок мен кечире албай койдум«, — дейт ал.

Кыргызстандын «ВИЧСПИД жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, ВИЧ-инфекциясын жуккандыгын билген адам тарабынан башка адамга (же бир нече адамга) ВИЧти атайылап жуктуруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.

Республикалык СПИД борборунун маалыматына таянсак, 1996-жылдан бери Кыргызстанда — 10173 ВИЧ — позитивдүү адам катталган. Алардын – 64 пайызын эркектер, 36 пайызын — аялдар түзөт.

Алардын ичинен 20-39 жаштагылар жарымынан көбүн, тагыраак айтканда,
63,5 пайызын түзөт.

Ар бир экинчи жаран ВИЧти жыныстык жол менен жугузган

ВИЧ адамдан адамга 3 жол аркылуу жугары белгилүү. 1996-жылдан бери ВИЧ менен жалпысынан 10173 адам катталса, анын дээрлик жарымы, тагыраагы, 49%ын жыныстык жолу аркылуу жугузуп алгандар түзөт.

Демек, ВИЧ статусун алып жүргөндөрдүн ар бир экинчиси жыныстык жол аркылуу жугузуп алган. Бул ВИЧ жугузуунун биринчи жолу.

Экинчиси, парентералдык (инъекциялык наркотикалык каражаттарды колдонуу, медициналык манипуляция) жолу аркылуу – 43%, вертикалдык (энеден балага) жол менен жугузуп алгандар 3%түзөт.



ВИЧти жыныстык жол менен жугузгандардын саны жылдан жылга өсүүдө

2004-жылы жыныстык жол менен жуктургандардын саны 35 болсо, 2019-жылы 550гө жеткен. Ошол эле убакта парентералдык жол менен жуктургандар 2004-жылы 118 болсо, 2019-жылы 102 болгон.

Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова жыныстык жол менен ВИЧ жугузгандар көбөйүп жатканын, алар жыныстык катнашка барууда сактанбай турганын айтат.

«Туш келди жыныстык катнашка барышат, презерватив колдонушпайт, ден-соолуктарына кайдыгер. Мунун кесепетинен ВИЧ көбөйүп атканын капарга да алышпайт«, — дейт Үмүткан Чокморова.

ВИЧ жана кош бойлуулук

47 жаштагы Бактыгүл Исраилова 10 жылдан бери ВИЧ менен жашап келет. Бактыгүл дагы ВИЧти жыныстык жол аркылуу жуктуруп алган.

2010-жылы кош бойлуу болуп, шаардык поликлиникалардын бирине каттоого туруу үчүн анализдерди тапшыра баштаган. Бул түйүлдүк алардын күтүп жүргөн наристеси эле. Бирок, анализдердин жыйынтыгынан ВИЧ чыгып калган.

«Шок болдум. Асманым кулап түшкөндөй сезимдер болду. Жашоо ушуну менен бүттү го деп ойлодум«, — деп эстейт ал күндөрүн Бактыгүл.

Республикалык СПИД борбордун маалыматы боюнча, 2019-жылдын алгачкы жети айында 34 кош бойлуу аялдан ВИЧ аныкталса, 2020-жылдын алгачкы жети айында 50 кош бойлуу аялдан ВИЧ аныкталган.

Медициналык кызматкерлер Бактыгүлгө боюнан алдырууну сунуш кылышкан. Бирок, алар күткөн бала болгондуктан, төрөө чечимин кабыл алган.

Врачтын айткандарын так аткарып, дары-дармектерди дайыма ичип жүрүү менен наристесин ама-эсен жарык дүйнөгө алып келген. Балага ВИЧ жукпашы үчүн Бактыгүл кесарево жолу менен төрөп, төрөгөндөн кийин дагы баласын эмизбеши керек болчу. Ушул шарттардын баарын аткарып, учурда кызынын дени-карды соо.

Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова кош бойлуу кезинде аял тиешелүү чараларды көрүп жүрсө энеден балага жугуу тобокелдигин жоготууга мүмкүн экенин айтат:

«Дары ичкенде баласына ВИЧ жукпайт. Биздин учурдагы эң чоң жетишкендигибиз ушул. Бала тондогу сууну жутуп алганда же энесинин сүтү аркылуу жуктуруп алышы мүмкүн. Ошондуктан аялдарга операция жолу менен көз жарып, көп эмизбөөнү сунушташат«, — дейт ал.

0-14 жаш курактагы ВИЧ жугузуп алгандардын жалпы саны 694. Бул жалпы жугузгандардын санынын 7,2 пайызды түзөт. Алардын ичинен 262, вертикалдык (энеден балага) жолу менен жуккан.

Депрессия жана колдоо

Алгач Бактыгүлдүн ВИЧ менен жабыркап калганын жолдошу гана билген. Ал бул маалыматты жакшы эле кабыл алып, кыйынчылыкты бирге жеңе турганын айткан. Жакын адамынын бул колдоосу Бактыгүлдүн депрессиялык абалдан эртерээк чыгышына жардам берген.

Бактыгүл өзүнүн ВИЧ статусу тууралуу коомчулукка ачык айтуудан коркпойт. Ачык айтуусунун бирден-бир максаты башка адамдар өзүнүн ден-соолугуна кайдыгер карабай, сактануусу керек деп эсептейт.

Ал эми ВИЧ туурасында мурда маалыматы болсо да Сабинага бул нерсени кабыл алуу өтө кыйынга турган. Жашагысы келбей, эки ирет өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган учуру болгон. Эки жолкусунда тең жакындары куткарып калышкан.

Азыр ал турмушка чыгып, бактылуу өмүр кечирип жатат. Бирок ВИЧ жугузган жигитин дагы деле кечире алган жок.

«Ал адам менин ден-соолугум жөнүндө маселени мен үчүн чечүүгө укугу жок болчу! Мага мүмкүнчүлүк бериши керек эле! Бирок, андай кылдабы… Ал мага ВИЧ жугузуу менен бирге эне болуу статусунан ажыратты. Мен бул нерсени эч качан кечире албайм«, – дейт Сабина.

«ВИЧовая!» ВИЧ жугузгандар дискриминацияга көп кабылышат

Кыргызстанда ВИЧке кабылгандар ата-энелерине, жакындарына статусу жөнүндө айта албай кыйналышса, экинчи жагынан башкалардын басмырлоосуна көп кабылышат.

Сабина бир жолу ооруп врачтарга кайрылганда медицина кызматкери тарабынан басмырлоого кабылганын унута албайт.

«Бишкек шаарындагы медициналык борбордун врачы «Ты же «ВИЧовая», — деп айтты. Мен ошол жерде ызы-чуу кылдым. Башка адам айтса дагы, медицина кызматкери минтип айтпашы керек эле. Ал кайра менден кечирим сурады», – дейт Сабина.

Ал эми Бактыгүл бирде кулагы ооруп ооруканага кайрылат. Медайым кол кабы жок эле процедура баштаганын көрүп, ВИЧ статусу бар экендигин өзү айтат. Ушул замат медайым процедура жасагандан баш тартып, врач «Ар ким менен жата берсең ушундай болот да, биз сени карабайбыз» деп кагып салган.

«Түз жүргөн аял катары, бул сөздөр мага абдан оор тийди. Алар өздөрүнүн ден-соолугун ойлоп, кол кап кийиши керек эле да«, — дейт Айпери.

Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова ВИЧ статусун алып жүргөндөр дискриминацияга көп кабыларын айтат.

«Бейтаптар СПИД борборуна келип анализ тапшыргандан «тааныштарым көрүп калса эмне дейт?», — коркушат. Кээ бирлери өзүлөрүнө көп нерсеге чектөө коюшат. Биз аларга жакшы эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дары-дармекти убагында ичсе башкаларга жукпайт экендигин айтабыз«.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 3-беренесинде жазылгандай, ар бир адам жашоого, эркиндикке жана кол тийбестикке укуктуу. Ал кандай гана оору менен оорубасын, мүмкүнчүлүгү чектелбесин мыйзам бардык адамдар үчүн бирдей болуш шарт.

КРнын кылмыш жана жаза кодексинин 119-беренесине ылайык, медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбаса, беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат, же эсептик көрсөткүчтөн жыйырма пайыздык өлчөмүнөн элүү пайыздык өлчөмүнө чейин айып салынат.


«Бул дата материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну «ПолитКлиника» медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын билдирбейт».

Даярдаган: Ырысбү Кылычбек кызы, Кымбат Турдубекова;
Редактор: Дилбар Алимова;
Сүрөт: СПИД борбору.










Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты