​Канат Исаев: Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышын таратуу керек

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын легитимдүүлүгү маселе жаратып жаткан кезде Конституциялык реформа жүргүзүү кылмышка тете экенин басма сөз жыйынында билдирди.

-Депутаттар бул долбоор менентолук тааныша элек, Конституциялык мөөнөттөр сакталган эмес. Эгер Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек болсо, аны шашпай жана ойлонуп ишке ашыруу керек, -деди ал.

Парламенттин экс-төрагасы башкаруунун президенттик формасына жана бир мандаттуу шайлоого каршы экенин айтты.

Канат Исаев алтынчы чакырылыш таратылып, жаңы парламенттик шайлоо дайындалашы керектигин билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору 2020-жылдын 17-ноябрынан тарта коомдук талкууга коюлду.

Сүрөт: 24kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты