COVID-19: Кыргызстанда ​чалдыккандардын жалпы саны 68316 кишиге жетти

  • 3 года мурун

19-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 422 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 130;
Ош – 22;
Чүй облусу – 93;
Ош облусу – 45;
Талас облусу – 20;
Нарын облусу – 16;
Ысык-Көл облусу – 51;
Жалал-Абад облусу – 24;
Баткен облусу – 21.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 422.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 68316 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан516 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 59362 кишиге жетти.

5 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1217 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан-5, үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылан.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3776 учур катталды, алардын ичинен 3521 медкызматкер сакайды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты