Конституция долбоору: Ушул калыбында кабыл алынса, Кыргызстандын келечегине балта чабылат

«Өзгөрүш» коомдук кыймылы – 17-ноябрда коомчулукка сунушталган Конституциянын долбоорунун мындай абалда кабыл алынышына каршы. Анын ушул калыбында кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын келечегине балта чабат, андыктан долбоор кескин өзгөрүүлөргө, алымча-кошумчаларга муктаж деп эсептейт.

Жаңы түзүлгөн кыймылдын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

-Кыргыз Республикасы парламенттик-президенттик башкаруу системасы менен гана өнүгүүгө жетише алат.

Жаӊы Конституциянын долбоору эгер ушул калыбында кабыл алынса, анда Президент түшпөс ханга же «ажырдаарга» айланат деп тынчсызданат. Президент курултай алдында формалдуу жоопкер, бирок, курултай дагы аны кызматтан кетире албайт.

Конституциянын жаӊы долбоорунун 79-беренесине ылайык (1-пункт) аткаруу бийлигин Президент жана ага баш ийген өкмөт жүзөгө ашырат делет, бирок, ошол эле маалда Президент аткаруу бийлигинин курамына кирбей калганын (3-пункт) белгилейт. Бул өз кезегинде эбегейсиз укукка ээ Президент аткаруу бийлиги иштей албай калган учурда өкмөт башчысын жана министрлерди өзү каалагандай алмаштырып, аларды отставкага кетирип, бирок, өзү жоопкерчиликке тартылбай кала берген акаевдик жана бакиевдик системаны кайра кайтармакчы.

Эгер Президент аткаруу бийлигин жетектеп, ишке ашырган болсо ал анын башына келип, өкмөттү өзү башкарышы зарыл, аткаруу бийлигинин башында бир эле учурда Президент дагы, өкмөт дагы турганы туура эмес. Ал эми өкмөт жана анын башчысы парламент тарабынан шайланып, эгер өкмөт иштей албаса өкмөткө да, аны башкарган Президентке да ишеним көрсөтүлбөй, өкмөт да, Президент да кызматынан кетүүгө тийиш деп эсептейт.

Ал эми Парламент толугу менен партиялык система менен түзүлгөнү кыргыз элинин тарыхый өнүгүшүнө, каада-салттарына туура келет.

Ошол эле маалда саясий партиялардын системасына талапты жогорулатуу зарыл деген ойдо. Саясий партиялардагы ички атаандаштык мыйзам ченеминде жөнгө салынып, тизме түзүү процедурасы ачык, калыс, акыйкат жүргүзүлүшү керек, тизме түзүү нормалары, ченемдери мыйзамда так, ачык жазылышы зарыл, деп эсептейт.

120 депутатты көп деп эсептеп жаткан маалда 40 район, 7 облусттан Курултайга шайланган (дайындалган) делегаттар автоматтык түрдө депутаттык укуктарга ээ болуп, анын аркасында Кыргыз Республикасы 120 депутаттын ордуна 1200 депутатка ээ болооруна тынчсызданат.

Бул өз кезегинде жер-жерлерде бийликтин ишине жөнү жок, формалдуу эмес жолдор менен кийлигишүүгө, коррупциянын кайрадан гүлдөп, өнүгүшүнө алып келет. Себеби, 1200 делегат айлык албаганы менен алар өздөрүн бийликтин туу чокусу катары эсептеп, бул болсо өз кезегинде акча, кызмат жана башка материалдык байлыктарды мажбурлап суроого алып келээрине шек жаратпайт. Анын үстүнө делегаттар Конституциянын жаӊы добооруна ылайык кадр маселесине да кирише алат, бул болсо жалпы мамлекеттик кадр саясатына кедергисин тийгизиш итолук ыктымал.

Ошол эле маалда курултай өз алдынча чогула албастыгын, ал Президенттин эрки менен гана чогулуп, тараары, делегаттар кандай критерий менен шайланаары такталбаган.

28-октябрдан кийин ишмердиги юридикалык жактан шек саналып жаткан Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышы Конституциянын сунушталган долбоорун демилгелеп, тарыхта биротоло принципсиз, өз милдеттерин так аткара албаган, көз каранды, күнкор курам экендигин дагы бир ирет намыссыз бул кадамы аркылуу далилдеди. 28-октябрдан кийин 6-чакырылыш мындай демилге жасоого юридикалык жактан дагы, моралдык жактан дагы, саясий жактан дагы укуксуз болчу.

Сунушталган Конституциянын долбооруна ылайык, Президенттин колуна эбегейсиз бийлик топтолду. Атап айтканда, ал өзү жалгыз өкмөттү курап, министрлерди дайындап, аларды кызматтан алып, ошондой эле, мыйзам долбоорун демилгелеп, өкмөттүн актыларын жеке өзү жокко чыгарып, өзүнүн атынан жарлык чыгаруу сыяктуу дагы көптөгөн чексиз укуктарга ээ болот.

Конституциянын жаӊы долбоору негизинен Президенттин ыйгарым укуктарын ченемсиз күчөтүп, көбөйтүүгө багытталган. Бул жол 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги, 2020-жылдын 6-октябрындагы окуяларга алып келгендигин тарых эскертет.

«Өзгөрүш» коомдук кыймылы Конституциянын долбоору ушул калыбында кабыл алынбашы үчүн прогрессивдүү жаштарды, жарандарды жана күчтөрдү баш кошуп, биригүүгө жана бирге аракеттенүүгө чакырат.

«Өзгөрүш» коомдук кыймылынын жетекчиси Кубат Оторбаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты