Сунушталган Конституция долбоорунун орусча жана кыргызчасында Президенттин мөөнөтү эки башка жазылган. Фактчекинг

Facebook колдонуучусу сунушталып жаткан Баш мыйзам долбоорунун орусча жана кыргызча текстинде каталар бар экенин жазып чыккан. Ал баш мыйзамдын орусча вариантында Президент эки мөөнөткө шайланса болору көрсөтүлсө, ал эми кыргызча вариантта бир эле жолу шайлана алары жазылып турганын айтып чыккан. Политклиника медиасы бул айырмачылыкты тактап көрдү.


Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 17-ноябрда кечинде жарыяланып, коомдук талкууга коюлган.

Сунушталып жаткан жаңы Баш мыйзамдын үчүнчү главасынын биринчи бөлүмүндө президенттин ыйгарым укуктары жөнүндө жазылган.

Кыргыз тилинде жарыяланган долбоордун 57-берененин 2-бөлүгүндө бир эле адам эки жолу шайлана албайт деп жазылып турат.

Эми ушул эле Конституциянын орусчасында , “Бир эле адам экиден ашык мөөнөткө президент болуп шайлана албайт”, деп турат.

Башкача айтканда, кыргызчасы «бир адам бир гана жолу президент боло алат» деп, орусчасы «бир адам эки жолу президент боло алат» деген маанини берет. .

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин маалымат катчылыгына кайрылганыбызда “Эмнеге мындай келишпестиктер болуп жатканын депутаттардан сурасаңар жакшы болмок. Бул — алардын демилгеси да”, — деп жооп беришти.

Жыйынтык: Президент мөөнөтү сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорунун орусча жана кыргызчасында эки башка жазылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты