​HRW Евробиримдикти Борбор Азиядагы адам укуктарына көңүл бурууга үндөдү

  • 3 года мурун

«Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму Европа Биримдигин Борбор Азия өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрүндө адам укуктарынын абалына басым жасоого чакырды.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм мындай билдирүүсүн 16-ноябрда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен видео жыйын өткөрөрдүн алдында жарыялады.

«Борбор Азия өлкөлөрүнүн быйылкы кризистерге каршы көргөн чаралары бул өлкөлөр адам укуктарын сыйлоо тууралуу убадаларын карманганда дагы натыйжалуу болмок. Евробиримдик чөлкөмгө көбүрөөк колдоо көрсөтүү адам укуктары багытындагы чыныгы реформаларга жараша болорун ачык билдириши керек», — деп айтты уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

«Human Rights Watch» Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетиши менен коштолгон саясий окуялар өлкөдөгү адам укуктарын коркунучка калтырганын билдирди. Ошондой эле Евробиримдик кыргыз тарапты укук коргоочу Азимжан Аскаровдун июль айында абакта каза болушун «бейтарап иликтөөгө» чакырышы керек экенин кошумчалады.

Ошондой эле уюмдун билдирүүсүндө Казакстанда тынч митингге чыккандар куугунтукка кабылып жатканы, Өзбекстанда айрым конкреттүү кадамдар жасалганы менен адам укуктарына байланыштуу маселелер чечилбей жатканы жазылган. Тажикстанда 150дөй саясий туткун абакта отурганы, Түркмөнстанда саясий куугунтуктун масштабы эмгиче толук белгисиз экени, бийлик экономикалык каатчылык маалында маалыматты катуу көзөмөлдөп жатканы белгиленген.

2019-жылы Евробиримдик Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялап, анда чөлкөмдөгү мыйзам үстөмдүгүнүн сакталышына басым жасаган.

Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү 17-ноябрда өтөт.

Сүрөт: mfa.uz.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты