Конституциялык реформа эмне үчүн мыйзамсыз жана легитимсиз?

  • 3 года мурун

Кыргызстан кайрадан конституциялык реформаны сунуштап жатат: Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жаңы Конституциянын долбоору коомдук талкууга коюларын айтты: «Анда парламенттик эмес, президенттик башкаруу системасы, Жогорку Кеңешке депутаттарды партиялык тизме менен жана бир мандаттуу округдардан шайлоо каралган. Ошондой эле курултай системасы киргизилет. Жаңы Конституция кабыл алынып калса, жер-жерлерден делегаттар чогулуп, жыл сайын бийликтен отчёт алып турасыңар.»

Кыргызстанда сунушталып жаткан конституциялык реформа эмне үчүн мыйзамсыз жана ал Конституцияга ылайык кандай болушу керектиги жөнүндө кыскач түшүндүрмө

Кыскача

Өзгөртүүлөрдү так ким демилгелегендиги боюнча мыйзам бузуулар (орунсуз субъект, ЖК-тин 6-чакырылышы легитимсиз):

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, тактап айтканда, 114 берене демилгечилерге ушул Конституцияга өзгөртүү гана киргизүү укугун берет, аны жаңы Конституция менен алмаштыра албайт. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышы Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүгө укугу жок.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышы гана конституциялык реформаны мыйзамдуу жана легитимдүү жүргүзө алат.

Башмыйзамдын иш жүзүндө толугу менен алмаштырылышы жана Конституциянын долбоорун коомго жана өлкөгө жасалма «таңуулоосу» болуп жатат:

Конституциялык түзүлүштүн негиздерин, башкаруу формасын, фундаменталдык жана колдоочу структурасын өзгөртүү же конституциянын иденттүүлүгүнүн белгисин өзгөртүү, конституциянын ордун алмаштыруу деп эсептелет, же конституциялык укукта айтылгандай “конституцияны бөлүп-жаруу”. Ушундай кырдаалда, даяр конституциянын долбоорун жалпыга тааныштыруу (Конституциянын айрым деталдарын гана өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен) жана долбоорду талкуулоо үчүн берилген кыска мөөнөт, чындыгында, жаңы Конституциянын коомго жасалма күч менен «таңууланышын» билдирет.

Конституциянын долбоорун коомдук жана эксперттик кеңири талкуулоо жаатындагы мыйзам бузуулар: (купуялуулук, шашылыштык):

Долбоорду даярдоонун купуялуулугу жана ачык-айкын эместиги байкалат, бул процессте кайсы юристтер / эксперттер катышкандыгы белгисиз.

Конституция «социалдык келишим» деп аталат, ал таңууланбашы керек, ал коомдук колдоого ээ болушу керек, бул коомдук жана эксперттик кеңири талкууну билдирет;

Конституциялык кеңешменин механизми түзүлгөн эмес, бул бардык демократиялык өлкөлөрдө кадимки практика жана талап болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, тактап айтканда, 114 берене демилгечилерге ушул Конституцияга өзгөртүү гана киргизүү укугун берет, аны жаңы Конституция менен алмаштыра албайт.

Салыштырмалуу конституциялык укуктун дүйнөлүк практикасында конституциялык өзгөртүүлөр жана толуктоолор эки түргө ээ: түзөтүүчү жана тактоочу. Конституциялык түзөтүүчү толуктоо — бул колдонулуп жаткан конституциянын максатына жетүү үчүн жасалган, башкача айтканда, конституциядагы кемчиликтерди жоюу же каталарды оңдоо. Тактоочу түзөтүү конституциянын долбоорун учурдагы конституциянын долбооруна ылайык улантат, айрым гана жеке ченемдерди тактайт.

Президенттин милдетин аткаруучунун сөзүнө ылайык:

«Анда парламенттик эмес, президенттик башкаруу системасы, Жогорку Кеңешке депутаттарды партиялык тизме менен жана бир мандаттуу округдардан шайлоо каралган. Ошондой эле курултай системасы киргизилет. Жаңы Конституция кабыл алынып калса, жер-жерлерден делегаттар чогулуп, жыл сайын бийликтен отчёт алып турасыңар.»[2] Бул сунуштар Кыргызстандын учурдагы конституциясына өзгөртүү киргизүү мүнөзүнө ээ эмес, бирок азыркы конституцияны таптакыр жаңысына алмаштыруу аракети катары бааласа болот.

Конституциялык түзүлүштүн негиздерин, башкаруу формасын, фундаменталдык жана колдоочу структурасын өзгөртүү же конституциянын иденттүүлүгүнүн белгисин өзгөртүү, конституциянын ордун алмаштыруу деп эсептелет, же конституциялык укукта айтылгандай “конституцияны бөлүп-жаруу”.

Демек, эгер сунушталып жаткан конституциянын долбоорунда Президенттин милдетин аткаруучунун айткандары чагылдырылса, анда ал толугу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесине каршы келет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышы Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүгө укугу жок.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесине ылайык, Премьер-министр дагы, Президент дагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрө албайт. Референдумду премьер-министр да, президент да дайындай албайт. Муну Жогорку Кеңеш гана жасай алат. Азыркы ЖКтин 6-чакырылышы конституцияны өзгөртүүгө же референдум дайындоого мыйзамдуу жана легитимдүү укугу барбы? Жок. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык, ЖК туура беш жылдык мөөнөткө шайланат. Ошол эле учурда Конституциянын 71-беренесине ылайык парламенттин биринчи жыйыны болгон күндөн баштап, мурунку чакырылыштын ыйгарым укуктары токтотулат деп жазылган. Азыр бизде кандай кырдаал? Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрындагы ЖК шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарганына байланыштуу, бизде парламенттин жаңы чакырылышы жок. ЖКтин 6-чакырылышы бийликтин вакуумуна жол бербөө үчүн ишин улантууга аргасыз болууда, бирок бул чакырылыш эми өз ыйгарым укуктарын конституциялык референдум сыяктуу фундаменталдык жана кризистик чаралар үчүн колдонууга укугу жок. Ушуга ылайык, учурдагы ЖКтин чакырылышы аркылуу референдум өткөрүү жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү мүмкүн эмес.

Демек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышы гана конституциялык реформаны мыйзамдуу жана легитимдүү жүргүзө алат.

Конституцияга ылайык кандай болуш керек?

Азыркы Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум аркылуу кабыл алынышы мүмкүн.

• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышы Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүгө ыйгарым укуктун жоктугунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышы гана конституциялык реформаны мыйзамдуу жана легитимдүү жүргүзө алат.

• Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин демилгеси менен ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга коюлушу мүмкүн.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин ким көтөрө алат?

• Азыркы Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөр кабыл алынышы мүмкүн:

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча Жогорку Кеңеш

кеминде 300 миң шайлоочунун демилгеси боюнча.

Мөөнөттөр кандай?

• Жогорку Кеңеш ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке берилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.

• Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен, жок эле дегенде, үч окуудан кийин, окуу мезгилинин ортосундагы 2 айлык мөөнөттө кабыл алынат.

Баш мыйзамды өзгөртүү процессине дагы кандай мамлекеттик органдар катышат?

• Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду бериши керек.

Кайсы эл аралык уюмдар катышышы мүмкүн?

•Кыргызстан Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна укуктук баа берүү үчүн Европа Кеңешинин Мыйзам аркылуу Демократия боюнча Европа Советине (Венеция Комиссиясы) кайрыла алат.

Авторлор: Сания Токтогазиева, юридика илимдеринин доктору

Кыргызстандын юристтер жамааты

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты