​Финпол: Тышка мыйзамсыз акча ташып турган кылмыштуу топ аныкталды

  • 3 года мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (финполиция) товарга акы төлөө шылтоосу менен чет өлкөгө акча чыгарып кетип турган кылмыштуу топту аныктаганын билдирди.

«Аталган кылмыштуу топтун ишмердигинин жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 347 млн сом зыян келтирилген.

Ушул тапта тергөө иштери жүрүүдө, бул схемага тиешеси бар кызмат адамдары жана акча каражатынын чоо-жайы аныкталууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда акча каражаттарын тышка чыгарып кетүү шеги менен Т.М. аттуу киши кармалган. Анын бөгөт чарасы аныкталып, Бишкектеги №1 абакка камалды.

Ноябрдын башында Финполиция Чүй облусунун аймагында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, атайын схема менен товар үчүн төлөм деген мыйзамсыз 180 миллион доллар акча каражатын Кытайга алып бараткан фактыны аныктаганын кабарлаган.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты