​Мурунку Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Москвадагы концертке катышкан. Бирок 2019-жылы. Фактчекинг

  • 3 года мурун

Айрым ЖМКларда жана социалдык тармактарда мурунку министр Кашкар Джунушалиев Москвадагы Милиция күнүнө карата арналган концертте отурганы айтылууда. Далил катары Орусиянын “Первый” каналынын эфирин көрсөтүүдө. Ал видеодо мурунку Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевке окшош адамды байкаса болот.

Биз бул маалыматты текшерип көрдүк. Чынында эле, Орусиянын “Первый” каналы өзүнүн эфиринде жана YouTube каналында дал ушул концертти жарыялашкан. Бирок “Первый” каналынын сайтында бул концерт 2019-жылы тартылганы жана 2020-жылдын эфирине кайталоо иретинде берилгени айтылат.

Жогорудагы сүрөт 15-ноябрда эфирге чыккан концерттен алынган. Төмөнкү сүрөт 2019-жылдын 10-ноябрында эфирге чыккан концерттен алынды.

Жыйынтык: Бул концерт 2019-жылы эфирге чыккан, 2020-жылы кайра кайталанып берилген.

Эске сала кетсек, мурунку Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев 5-6-октябрда орун алган окуялардан кийин издөөгө салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты