​Өзбекстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди

  • 3 года мурун

Гуманитардык жүктү кабыл алуу аземине КР вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Гуманитардык жардамдын ичинде: бир жолку кол каптар — 100 миң даана, бир жолку коргоочу комбинезондор — 10 миң даана, коргоочу көз айнектер – 2 миң даана, бир жолку бет каптар – 100 миң даана, «Гепарин» 5мл – 1 миң куту, «Ремдесевир» – 5 миң куту, COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң даана, COVID-19 вирусун аныктоо үчүн тест – 10 миң даана, натрий хлор 100 мл – 4 миң даана, бир жолку шприцтер – 60 миң даана, тамчылатуучу тутумдар – 20 миң даана.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты