Садыр Жапаров БШКга Президентикке талапкер болууга берген арызын эмнеге кайтарып алып, кайра тапшырды?

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-ноябрда Садыр Жапаровдун Президентикке талапкер болууга арыз бергенин маалымдаган. Ошол эле күнү ал арызын кайтарып алып, кайра тапгырган. Буга эмне себеп болду?

Садыр Жапаров Президентикке биринчи жолу арыз бергенде, Президенттин милдетин аткаруу укугун өткөрүп бере элек болчу. Ошондуктан ал арызын кайтарып алган.

Президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугун Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп бергенден кийин, ал БШКга кайра арыз бергендиги маалым болду.

Бул мыйзамга жатабы?

Атыр Абдрахматова,

юрист, БШКнын экс-мүчөсү:

— Садыр Жапаровдун БШКга берген арызын кайтарып алып, кайра арыз беришинле мыйзам бузулду деп айткандан алысмын. Анткени шайлоо мыйзамдарына ылайык, Садыр Жапаровдун арызын кайра тапшырганы бул бир күндүн ичинде, шайлоо мөөнөтү учурунда болуп жатат.

Бирок биринчи жолу тапшырганы боюнча калса, талаштуу болуп калмак. Ошондой талаш-тартыш болбош үчүн арызын алып, кайра тапшырган. Анын бул кадамын колдойм, — деди Атыр Абдрахматова.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарып келген.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Президенттик шайлоого 63 талапкер арыз берди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты