Жалал-Абадда жер титирөө 5 баллга жетти

  • 3 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 12-ноябрда, саат 14:25те Жалал-Абад облусунда, очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Тосой, Жийде, Ор-Казган айылдарында 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Калмак-Кырчын, Салам-Алик айылыдарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3 балл жана Ош облусунун Өзгөн шаарында, Мырза-Аке айылында 3,5 балл, Кара-Кулжа районунда 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты