​Садыр Жапаровдун Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү чын. Фактчекинг

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү тууралуу кабарга “бул жалган” деген комментарийлер калтырылган.



















Бирок мындай маалыматты эки тараптын расмий сайттары тараткан.

Россия Федерациясынын Президентинин расмий сайтында, “Кыргыз тараптын демилгеси менен Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү”, — деген маалымат чыккан.

Ал эми Кыргызстандын Президентинин расмий сайтында , “Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду”, — деген маалымат чыккан.

Ошондой эле, комментарийде айтылган «Мишустин менен сүйлөшкөн» деген маалымат да чын. Россиянын өкмөтү дагы, Кыргызстандын өкмөтү дагы Россиянын Премьер-министри Михаил Мишустин менен Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болгондугун жазып чыгышкан.

Аталган маалымат расмий булактар аркылуу таратылган.

Жыйынтык: Садыр Жапаровдун Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты