​Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстанга жардам берет

  • 3 года мурун

Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстанга экономикалык жана гуманитардык жардам берүү боюнча чечим кабыл алышты.

Бул тууралуу Казакстандын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондо сүйлөшкөн.

«Борбор Азиядагы абалды талкуулоо учурунда мамлекет башчылары аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү жөнүндө макулдашууга жетишти. Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт» деп айтылган билдирүүдө.

Буга чейин Өзбекстан реформа жүргүзүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн каржылай-техникалык жана азык-түлүктөн жардам берерин кабарлаган.

Podrobno.uz интернет басылмасы билдиргендей, бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Ташкентте Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушканда айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты