​Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт тынбай манас айтты

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 12-ноябрда Бишкекте Ала – Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт 51 секунд тынбай манас айтты.

Буга калың эл күбө болуп, жаанга да, узак убакытка да карабай, Дөөлөт Сыдыковдун манас айтканын угуп, аянтта «Манас!» деп ураан чакырып турушту.

Эми дүйнөлүк Гиннесс китебине манасчы Дөөлөт Сыдыков узак убакыт манас айтуу өнөрү менен кирип калышын күтөбүз.

Манас айтуу өнөрүнөн бир элес: бул видеодо:

Гиннесс китебине кирген рекорддор күнү жыл сайын ноябрь айынын орто ченинде өткөрүлөт. Кыргызстандык хирург Мамбет Мамакеевдин ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан адис катары бул китепке кирген. Ошондой эле бешбармак тамагы бир жасалганда 1,5 миң килограмм даярдалып, рекорд деп таанылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты