Садык Шер-Нияз Президенттикке талапкер болуп катталды

  • 3 года мурун

12-ноябрда БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 1969-жылдын 10-мартында туулган, убактылуу иштебей жүргѳн Садык Шер-Нияз арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 12-ноябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясына Президенттин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 17 арыз келип түшкѳн. Алар — А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда..

Талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты