Президенттик шайлоонун үгүт иштерин чагылдырууга 217 ЖМК катталды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун үгүт иштерин чагылдырууга 217 ЖМК катталды.

11-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун үгүт иштерин чагылдырууга 217 жалпыга маалымдоо каражатын каттады.

Анын ичинде 56 телекомпания, 28 радиостанция, 61 гезит-журнал жана 72 интернет-басылма каттоодон өттү.

БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты